Human Rights Watch уюмунун “Чабуулдар астындагы окуу: Украина чыгышындагы согушта мектептерге урулган соккулар жана мектептерди аскерий максатта пайдалануулар” деп аталган баяндамасында бүлүнбөй сакталып калган мектептерде деле азыр мугалимдер кооптуу шартта иштөөгө аргасыз болгону айтылат. Окуучулардын көпчүлүгү мектепти биротоло таштаганга мажбур болгон. Баяндама өкмөттөр менен орусиячыл жикчилдерди мектептерде коопсуздукту камсыздап, балдардын билим алуусуна шарт түзүүгө жана мектептерди мындан ары аскерий максатта колдонбоого чакырат.
“Урушуп жаткан бардык тараптар өз аракеттери балдардын коопсуздугу менен билим алуусуна зыян тийгизбешине көңүл бурушу керек жана буга жоопкер”, - деп айтылат баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюмдун баяндамасында.
HRW кызматкерлери 41 мектеп менен бала бакчада болуп, 62 окуучу, мугалим, мектеп директорлору жана күбөлөр менен сүйлөшкөн. Өкмөт көзөмөлдөгөн аймактар менен кошо жикчилдердин колундагы жерлерде жүздөгөн мектеп чабуулга кабылганын документтештирген.
Уюмдун украиналык изилдөөчүсү Юлия Горбунова “Азаттык” менен маегинде эки тарап тең мектептерди аскерий максатта колдонгонун, мектептердин ичинде жана айланасында аскерий операциялар жасалып турганын айтат.
Баяндамада Донецк облусунун Киев көзөмөлүндөгү Красногоривка шаарчасындагы 3-мектеп жикчилдердин катуу соккусуна кабылганы жазылат. Мектеп украин аскерлеринин текшерүү бекетинен 700 метр арыда жайгашкан.
- Мектеп оор артиллериянын катуу соккусуна кабылган. Бир эмес, бир канча жолу чабуулга учураган. Аскерий текшерүү бекетине болсо бир да ок тийген эмес. Мындан чабуул жасагандардын бутага алуу жөндөмү аябай начар, же алар мектепти атайлап бутага алган деп тыянак чыгарса болот, - дейт уюмдун украиналык изилдөөчүсү Юлия Горбунова.
Баяндама авторлору билим берүү мекемелерине сокку уруу уруш эрежелеринде тыюу салынганын жана ага баргандар согуш кылмыштарын жасагандар катарында жоопкерчиликке тартылышы мүмкүндүгүн эскертет.
Ошондой эле украин армиясы мектептерди ээлеп алып, бөлмөлөрдөгү эмеректерди, эшиктер менен үстөл-отургучтарды талкалап же отко жагып жиберген учурлар да баяндалат. Мындан тышкары аскерлер мектептерде оор артиллерия менен колдонулбаган ок-дарыларды калтырып кеткен учурлар да көптүгү айтылат.
Украинанын Билим берүү жана илим министрлиги да HRW кызматкерлери менен жолугушууда өкмөттүк күчтөр айрым мектептерди аскерий максатта колдонгонун тааныган.
Укук коргоо уюму эки тарапты тең балдардын коопсуздугун сактап, билим алуусуна шарт түзүүгө чакыруу менен украин бийликтери аны эл аралык Коопсуз мектептер декларациясына кошулуу менен ишке ашырса болорун билдирген. 2015-жылдын майында Норвегиядагы жыйында түзүлгөн бул декларацияга азыркыга чейин 51 өлкө кол койгон.
Изилдөөчү Юлия Горбунованын айтымында, Киев аны жактырууга даярдыгын билдирген:
- Азырынча украин өкмөтү декларацияга качан кошуларын так айткан жок. Бирок биз ага жетишүү үчүн өкмөт менен иш алып барууну уланта беребиз. Жакынкы келечекте максатыбызга жетебиз деген үмүттөбүз.
Горбунова андан ары орусиячыл жикчилдерди да уруш учурунда билим берүү мекемелерин аскерий максатта колдонбоо принциптерин сактоого чакырды.
- Биз жикчилдерди аталган декларацияны расмий түрдө таанууга чакыра албайбыз. Себеби алар расмий өкмөттүн өкүлдөрү эмес. Ошондой болсо да биз аларды белгиленген жол-жоболорду тутунууга жана өз көзөмөлүндөгү аймактардагы бардык күчтөргө мектептерди аскерий максатта колдонууну тыюу салууга чакырабыз, -деди Human Rights Watch уюмунун украиналык изилдөөчүсү Юлия Горбунова.
Соңку маалыматтарга караганда, Украина чыгышында орусиячыл жикчилдер менен уруш башталган 2014-жылдын апрелинен бери 9 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Алардын арасында урушуп жаткан аскерлерден тыш жайкын тургундар да бар.
2015-жылдын сентябрында ок атышууну токтотуу боюнча Минск келишимине кол коюлгандан бери кагылышуулар азайганы менен биротоло токтой элек. Келишимдин негизги шарттарын бузган ок атышуулар аймакта дале тез-тез учурап турат.