Украинанын куралдуу күчтөрү Орусиянын контрчабуулунун жыйынтыгында август айында ээлеген жерлеринин 40 пайызга жакынын жоготту. Бул тууралуу Reuters агенттиги украин армиясындагы булагына шилтеме берип кабарлады. Украинанын Башкы штабынын өкүлү - агенттиктин булагы Орусия Курскиге 59 миңдей аскер алып киргенин айткан.
"Биз 1376 чарчы чакырым жерди көзөмөлдөп келгенбиз, албетте азыр ал аймак кыйла кичирейди. Душман контрчабуулун күчөтүүдө. Учурда 800 чарчы чакырым жерди гана көзөмөлдөп калдык. Биз колубуздан келишинче бул аймактарды кармап турууга аракет кылабыз", - деген аскер кызматкери.
Орусиянын Коргоо министрлиги Reuters агенттигинин учурдагы кырдаал тууралуу суроосуна жооп берген эмес.
Курск облусуна басып кирүү менен Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын чыгыштагы жана түндүк-чыгыштагы чабуулдарын токтото алганын "Азаттыктын" украин кызматы жазды.
Украин президенти Владимир Зеленский бир нече күн мурунку комментарийинде, Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын инаугурациясы боло турган 20-январга чейин украин күчтөрүн Курск облусунан чыгарууну максат кылганын белгилеген.
Түштүк Кореянын жана АКШнын чалгын кызматтары Орусия Курск аймагындагы согушка Түндүк Кореядан 10 миңдей жоокер алып келгенин билдиришкен. Алардын бир бөлүгү бул аймакта согушка киргени кабарланды.
АКШнын коргоо министри Ллойд Остиндин сөзүнө караганда, Вашингтон жакынкы убактарда түндүк кореялык миңдей жоокер украин аскерлерине каршы согушка кирерин күтүүдө.
Орусиялыктардын 53% Украина менен болгон согушту тынч сүйлөшүүлөрү менен чечүүнү колдойт. Russian Field изилдөө компаниясы ноябрда жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында ушундай көрсөткүч чыккан. Изилдөөчүлөр бул согуш башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч экенин айтышууда.
Согуштун уланышын суралгандардын 36% колдогон. Бул 2022-жылдын мартынан берки байкоолордогу минималдуу көрсөткүч болууда. Компаниянын баяндамасында тынч сүйлөшүүлөрдү жактагандардын санынын өсүшү жана согушту колдогондордун азайуу тенденциясы 2023-жылдын февралынан бери байкалып жатканы белгиленген.
Тынч сүйлөшүүлөрдү эң көп колдогондор жаштар (68%), аялдар (59%), аз камсыз болгон үй-бүлөлөр (59% жана интернет-медиалар менен Телеграм-каналдардын аудиториялары (51%дан) болгон. Кесиптик чөйрөлөрдөн тынч сүйлөшүүлөрдү IT, соода жана саламаттык сактоо кызматкерлери көбүрөөк жактаган. Ал эми өндүрүш тармагында иштегендер көбүнчө согуштун уланышын колдогон.
“Эртең” эле тынчтык келишимин түзүүнү суралгандардын 79% колдоп, 60% ок атышууну токтотуу келишими эч кандай шарттарсыз түзүлсө деген пикирге макул болушкан.
Суралгандардын 2/5 (бештен эки бөлүгү) согуштан улам өзүнө кооптуу болуп жатканын айткан. Дрондордун соккусу (27%), экономикалык абал (20%), аткылоолор (18%), мобилизация (17%) жана жакындарынын өлүмү менен кырсыкташы (12%) олуттуу кооптонууну жаратат.
Мурдараак, 19-ноябрда Gallup компаниясы да Украинадагы сурамжылоонун жыйынтыктарын жарыялаган. Ага караганда, согуш башталгандан бери Орусия менен кармашууну толук жеңишке чейин жүргүзүүнүн жактагандар дээрлик эки эсеге азайган. 2024-жылы суралгандардын 52% Киев тынч сүйлөшүүлөрдү мүмкүн болушунчу эртерээк башташы керек десе, дагы 38% согушту жеңишке жеткенче улантууну жактаган.
Америка Кошмо Штаттарынын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп улуттук чалгын кызматынын мурунку башчысы Ричард Гренеллди Украинадагы согуш боюнча атайын чабарман кылып дайындашы мүмкүн. Мындай кабарды Reuters агенттиги өзүнүн маалыматка эгедер булактарына таянып жазды.
Учурда Вашингтондо Украинадагы согуш боюнча атайын чабарман кызматы жок. Трамптын штабынын өкүлү Кэролайн Ливитт мындай кызматты түзүү мүмкүнчүлүгү жана ага Гренеллди дайындоо маалыматы боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан. Гренелл өзү да мындай суроого жооп берген эмес.
Гренелл Дональд Трамптын мурунку мөөнөтүндө АКШнын Германиядагы элчиси жана президенттин Сербия менен Косоводогу тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча атайын өкүлү кызматтарын аркалаган. 2024-жылдын жайында Гренелл согушту токтотуу үчүн Украинада “автономдуу аймактарды” түзүүнү айтып чыккан. Муну менен катар, Украинанын жакынкы жылдары НАТОго кошулуусун колдобой турганын билдирген.
Мурдараак Дональд Трамп Гренеллди АКШнын Мамлекеттик катчысы кызматына карап жатканы кабарланган.
Гренелл 19-ноябрда Newsmax телеканалына курган маегинде “Байден Украинага акча бөлүүнү көбөйтүп жана көбүрөөк ракеталарды учуруу менен отко май куюп жатканын, АКШда өтө көп аткаминерлер согушту улантууну, каржылоону көбөйтүүнү жактап жатканын, бул аны кабатыр кыларын” айткан.
Дүйнөлүк банктын PEACE (Public Expenditures for Administrative Capacity Endurance) программасы Украинага дагы 4,8 млрд доллар жардам берүүнү чечти. Мындай маалыматты 22-ноябрда Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль Х соцтармагындагы баракчасында жазды.
“Бул согуш маалында Украинанын бюджеттик программаларына олуттуу колдоо болот. Биз Кошмо Штаттарга жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрүбүзгө биздин өлкө менен элибизге маанилүү колдоо көрсөткөн жардам үчүн ыраазылык билдиребиз. Силердин тилектештигиңер биздин туруктуулугубузду жана алдыга жылуудагы чечкиндүүлүгүбүздү бекемдейт”, - деп жазган Денис Шмыгаль.
Уюм ноябрдын башында Украинага 750 млн доллар берген. Киев ал каражатка Украинанын Европа Биримдигине кошулуусу үчүн зарыл болгон реформаларды жасай турганы билдирген.
Германиядагы dpa басылмасы жазгандай, Орусиянын кол салуусунан бери Украина эл аралык өнөктөштөрүнөн бюджетти колдоо үчүн эле 100 млрд доллардан ашуун каражат алган. Анын олуттуу бөлүгү насыя түрүндө берилген.
Дүйнөлүк банктын “Украинадагы административдик потенциалды колдоого мамлекеттик чыгымдар” (PEACE) деп аталган программасы Орусиянын Украинага кол салуусуна карата чукул чараларды көрүүгө багытталган. Анда өкмөттүн негизги функцияларын аткаруу жана кызмат көрсөтүү жөндөмү колдоого алынат. Согуштан улам жарандардын тарткан зыянынын ордун толтурган мамлекеттик чыгымдарга жумшалат.