Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:20

ТИМде орус абактарынан согушка тартылган жарандар боюнча так маалымат жок


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты. Бишкек.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты. Бишкек.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде орус абак жайларынан канча кыргызстандык жаран Украинадагы согушка тартылганы тууралуу так маалымат жок. Мындай маалымат дипломатиялык мекеменин “Азаттыктын” катына берген жообунда айтылат.

ТИМ билдиргендей, учурда Орусиянын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан 1097, убактылуу кармоочу жайда кармалып турган 971 кыргызстандык бар.

Министрликтин тапшырмасы менен Орусиядагы элчилик менен консулдуктун кызматкерлери жабык жайлардагы 500дөн ашык жаран менен жолугушууларды өткөргөнү, аларга юридикалык жардам берилип жатканы маалыматта айтылат.

“Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мекендештер арасында чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышпоо боюнча түшүндүрүү иштери туруктуу негизде жүрүп жатканын билдиребиз”, - деп жазылган катта.

Буга чейин Орусиянын абактарында жазасын өтөп жаткан эркектерди "Вагнер" менчик аскердик тобу Украинадагы согушка активдүү азгырган.

"Азаттык" радиосу орус абактарында отурган жеринен согушка кетип, фронтто набыт кеткен бир нече кыргызстандык тууралуу жазган.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын саны 1 миллиондон ашуун. Алардын тең жарымына жакыны орус жарандыгын алган.

XS
SM
MD
LG