Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

"Айдосту өлтүрүү үчүн киллер жалдашкан”. Киевде казак журналистине ок тийди


Айдос Садыков. Архивдик сүрөт.
Айдос Садыков. Архивдик сүрөт.

Мекениндеги куугунтуктун айынан Украинада качкын макамын алып, казак бийлигинин кемчиликтерин ашкерелөөнү улантып келаткан казакстандык журналист жана активист Айдос Садыковдун абалы оор. Ок анын чыкыйына тийип, мээси жабыркаган. Нейрохирургдар бейтапка 2,5 саат операция жасашканы маалым болду.

20-июнда Украинанын Башкы прокуратурасы өз сайтында жарыялаган маалыматка ылайык, Казакстандын жарандары - 1988-жылы туулган Казакстандын жараны Алтай Жаканбаев менен 1991-жылкы Мейрам Каратаев активистти өлтүрүүгө буюртма алышкан.

Прокуратуранын маалыматында, алар 2-июнда Киевге барып, Айдос Садыков жашаган жактан батир алып ага байкоо жүргүзүшкөн.

18-июнда түш ченде Каратаев "автоунаанын айдоочу отурган жагына тез басып барып Садыковдун башына мээлеп атканы" жазылат. Айдос Садыков учурда оор абалда ооруканада жатат. Жанындагы аялы жабыркаган эмес.

Каратаев менен Жаканбаев окуя болгон жерден из жашырып кетишкен. Алардын кармалаганы тууралуу кабарлана элек.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Мейрам Каратаев Костанай облусунда ички иштер бөлүмүндө эмгектенген.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин, андан кийин азыркы башчысы Касым-Жомарт Токаевдин башкаруусу тууралуу кескин сын макалалары, иликтөөлөрү менен таанылган казакстандык журналист жана оппозиционер активист Айдос Садыковдун абалы оор деп бааланууда.

Окуя шейшемби күнү Украинанын борбору Киевде болгон. Аны аткан киши табыла элек. Жубайы Наталья Садыкова кол салгандар күйөөсүн жөн гана коркутуу эмес, жок кылуу максатын көздөгөнүн айтууда.

Казак президенти Токаев зарыл болсо тергөөгө жардам берилерин билдирди.

Киевде казак оппозиционерге ок атылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:45 0:00

Кол салуу 18-июнда Айдос Садыков жашаган үйдүн короосунда болгон. Казакстандан көчүп барган оппозиционер-активист бул үйдө жубайы, балдары менен он жылдан бери жашап жаткан.

Ок жеген оппозициячы, журналист Айдос Садыковдун жубайы Наталья Садыкова күйөөсүнүн абалы оор экенин "Азаттыктын" казак кызматына билдирди.

"Кечээ Айдоско операция жасалды. Ага нейрохирургдар операция жасашты. Ал дээрлик эки жарым саатка созулду. Мен аны реанимацияда көрдүм. Абалы өтө оор. Ок анын чыкыйына тийген. Тилекке каршы, мээ жабыркаган", - деди ал .

Наталья Садыкова кол салууну жолдошунун оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырат. Ал Айдосту көз алдында атып кетишкенин айтты. Садыкова өзүнүн Фейсбук баракчасында кол салуу үчүн жоопкерчиликти казак бийлиги менен президент Токаевге жүктөгөнүн жазды.

“Биз машина менен короого кирип жатканбыз. Ошол учурда, айдап бараткан кезибизде атты. Бир эле ок менен даана атыптыр. Өтө мыкты даярданган киллер. Аны Айдосту коркутуу үчүн эмес, өлтүрүш үчүн атайын жалдашканы анык”, - дейт журналисттин жубайы Наталья Садыкова.

Нейрохирургдар 2,5 саат операция жасашканы, ок Садыковдун чыкыйына тийип, мээси жабыркаганы кабарланды.

Украинанын Башкы прокуратурасы “адамды өлтүрүүгө аракет кылуу” деген берене менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатканын, Наталья Садыкова жабыркабаганын билдирди.

Садыковдор Украинага 2014-жылы көчүп барып, ошол жактан качкын макамын алган, мекенинде аларга “кастык козутту” деп былтыр издөө жарыяланган.

Айдос Садыков БАСЕ интернет-медиасы аркылуу казак бийлигин сындап, Токаевди “Орусиянын пайдасына иштеп жатат” деп айыптаган. Ал 2022-жылдын январындагы Казакстандагы адам өлүмү менен коштолгон нааразылык акцияларын активдүү колдогон, чагылдырган.

Жубайлардын Украинага көчүп кетишине 2014-жылы "жалаа жабуу" деген негизде Наталья Садыковага иш козголгону себеп болгон. Ага каршы мурдагы депутат Марал Итегулов арызданган.

Ал эми Айдос Садыковго 2010-жылы "ээнбаштык" деген берене менен айып тагылып, эки жылга соттолгон.

Назарбаевдин заманынан берки бийликтеги коррупция, алдамчылык, түрдүү мыйзам бузуулар тууралуу жазып, айтып келген жубайлардын тарапташтары Айдос Садыковду жок кылууга казак бийлиги кызыкдар болушу ыктымал экенин айтып жатышат.

"Кызыкчылык казак бийлигинде жана өлкө жетекчилигинде гана бар. Айдос менен Наталья Казакстандын коомдук-саясий айдыңында активдүү болуп турган кезде, Назарбаевдин тушунда эле ар кандай чагымдар болгон. Актөбө облусунда Айдос оппозиция лидерлеринин бири болчу. Өнүгүүнүн демократиялык жолу боюнча өз көз карашы бар адам катары ал партиялык ишмердүүлүк эмес, журналистика аркылуу аракет көрүп жүргөн. Наталья да кесипкөй журналист. Киевге көчүп барып алар Борбор Азия жана Казакстан үчүн өтө маанилүү YouTube каналын ачышты, анын миллионго чукул катталуучусу бар", - деди казакстандык укук коргоочу, Liberty коомдук фондунун төрагасы Галым Агелеуов.

Агелеулов кошумчалагандай, Садыковдор ар кандай коркутуп-үркүтүүлөргө кабылып келишкен. Киевде, мисалы, "олбурлуу көрүнгөн азиялык жигиттер" артынан аңдып жүргөн учурлар да болгон.

Казакстандын өзүндө бул кол салууга "үчүнчү күчтөр" тиешеси бар болушу мүмкүн деген да пикир айтылууда.

Эрмурат Бапи
Эрмурат Бапи

“Айдоско кол салуу аркылуу кайсы бир үчүнчү күчтөр Казакстан менен башка элдер ортосундагы карым-катнаш арасына от жагуу аракетиби деп ойлойм. Казакстан Украинанын тийиштүү тергөө органдары менен окуянын чоо-жайын териштириши керек, талап этиши керек. Анткени кандай болгон күндө да Айдос Казакстандын жараны. Бийлик өз жаранынын кайда жүрсө да укугун коргошу керек”, - деп эсептейт Мажилис депутаты Ермурат Бапи.

Казак президенти Токаев эгер зарыл болсо тергөөгө Казакстан да кошула аларын айтты. Ал “Менин принципиалдуу позициямды билесиңер. Өлкөдө мыйзам жана тартип үстөмдүк кылып турушу керек. Коомдогу бардык пикир келишпестиктер мыйзам чегинде, эл аралык нормаларга ылайык гана чечилиши зарыл”, - деп 19-июнда билдирди.

Акордонун маалыматына караганда, Украинага окуянын чоо-жайын билиш үчүн расмий өтүнүч жөнөтүлдү. Эгер зарыл болсо Казакстан “чындыкты аныктоого көмөк көрсөтүү үчүн тергөөгө кошулууга даяр” экени айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG