Орусиянын курамындагы Чеченстанда 4-июлда катуу сабалган иликтөөчү журналист Елена Милашина жана адвокат Александр Немов Москвадагы ооруканага которулду. Алар бозгундагы үч чечен активистинин апасынын сотуна катышуу үчүн Грозныйга барышкан. Белгисиз куралчан адамдар журналисттин чачын күчтөп такырайта кырып, адвокаттын бут тарабына бычак урушкан. Орус бийлиги бул окуяны иликтейбиз деп убада берүүдө.
Иликтөөчү журналист Елена Милашина Бесландагы ооруканага жеткирилгенден кийин да бир нече жолу эсин жоготконун интернеттеги кадрлар күбөлөп турат. Андан Милашинанын бети-башы жашылга боёлгонун, чачы такырайта кырылганын көрүүгө болот.
Ал 4-июлда адвокат Александр Немов менен Грозныйдын аэропортунан шаардын борборуна такси менен бара жатканда беткап тагынган, кара кийимчен куралчан адамдардын кол салуусуна кабылган. Белгисиз кишилер үч машина менен келип, таксинин жолун торогон.
"Алар таксистти автоунаадан чыгарып салышты. Башыбызды ылдый басышты. Колумду артка байлаганга аракет кылышты. Ошол учурда Сашага бычак сайышты окшойт. Анткени бут жагынан кан ага баштады. Бир аз жол жүргөндөн кийин машина токтоп калды. Жүргүзө албай коюшту. Анан бизди кандайдыр бир колотко алып барышып, сабай башташты. Алар [Немовго] түз эле "сен бул жакта көп кишини коргоп жатасың, алардын укугун өз үйүңдө корго, бул жакта эч кимди коргоонун кажети жок" айтып жатышты", - деди Милашина.
Куралчан адамдар журналисттин чачын күчтөп такырайта кырып, бетине медициналык "зеленка" чачып, телефон жана компьютерлерин талкалап салышкан. Дарыгерлер кол салуудан улам Милашинанын мээси катуу чайкалганын, адвокат Немов бутунан жаракат алганы ырасташты.
Журналист менен адвокат Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыровдун бийлигин кескин сындап келе жаткан бозгундагы чечен активисттери Абубакар, Ибрагим жана Байсангур Янгулбаевдердин апасы жана Чеченстандын Жогорку Сотунун мурдагы судьясы Сайди Янгулбаевдин жубайы Зарема Мусаеванын сотуна катышуу үчүн Грозныйга барышкан. Адвокат Немов 53 жаштагы Мусаеванын укугун коргосо, журналист Милашина бул сот процессин чагылдырып келген.
Кол салуу болгон күнү Грозныйдагы райондук сот Мусаеваны "көз боёмочулук" беренеси боюнча 5,5 жылга абакка кести. Укук коргоочулар чечен бийлиги уулдарынын оппозициялык аракеттери үчүн апасын куугунтуктап жатканын айтып келишет.
Бийликтин жообу
Чеченстандагы мындай укук бузууларды чагылдырып келген журналист Елена Милашина буга чейин Рамзан Кадыровдун оозеки коркутуусуна кабылган.
2020-жылдын февраль айында да ага Грозныйда белгисиз адамдар кол көтөрүшкөн. Былтыр жыл башында журналист чечен лидерлеринин "өлтүрүп кетебиз" деген коркутууларынан улам Орусиядан убактылуу кетүүгө аргасыз болгонун жарыялаган.
Шейшембинин кечинде Кадыров журналистке жана адвокатка кол салгандардын тек-жайын аныктоону тиешелүү кызматтарга тапшырганын белгилеп, "териштиребиз" деп убада берди. Бирок ал жабырлануучулардын аты-жөнүн атаган жок.
Чеченстандын маалымат министри Ахмед Дудаев бул окуяда "Батыштын атайын кызматтарына мүнөздүү белги" байкалып жатат деп билдирди. Бирок бул сөзүнө эч кандай далил келтирген жок.
Чеченстандын омбудсмени Мансур Солтаев Милашина менен Немовго кол салгандар номуру жок автоунаа менен жүргөнү үчүн табылбай жатканын айтты.
Орусиянын Тергөө комитети бул окуя боюнча иликтөө иштерин баштаганы кабарланганы менен кандайдыр бир кылмыш-иши козголгону же козголбогону белгисиз бойдон.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Чеченстандагы кол салуу тууралуу президент Владимир Путинге маалымат берилгенин айтты.
"Бул окуяга укук коргоо органдары баа бериши керек. Бирок кыйла ыкчам аракеттерди талап кылган өтө олуттуу кол салуу жөнүндө сөз болуп жатат".
Чеченстандагы зомбулук, Кадыровдун карааны
Кантсе да шейшембидеги кол салуу Чеченстандагы адам укуктарынын оор абалын дагы бир жолу эске салып койду. Рамзан Кадыровдун бийлиги оппозициялык маанайдагы активисттерди куугунтуктап, адам укуктарын, өзгөчө азчылыктардын укуктарын одоно бузганы үчүн эл аралык коомчулуктун сынына кабылган.
Чеченстанда журналисттер, укук коргоочулар же бийликтин сынчылары Кадыровго жакын адамдардын зомбулугуна туш болгон окуялар буга чейин да катталган. Бирок чечен бийлиги мындай кол салууларга тиешеси бар экенин эч качан мойнуна алган эмес.
Чеченстандык укук коргоочу, "Мемориал" укук коргоо борборунун Грозныйдагы өкүлчүлүгүнүн мурдагы башчысы Оюб Титиев журналист Милашина менен адвокат Немовго кол салгандардын артында күч түзүмдөрү турганынан күмөн санабайт.
"Чеченстанда көп жылдан бери карапайым элде курал-жарак жок. Куралды укук коргоо кызматкерлери гана көтөрүп жүрүшөт. Чеченстанда болуп жаткан окуялардын баарын, ар бир адамдын баскан-турганын алар көзөмөлдөшөт. Башка өлкөлөрдөн же башка аймактардан Чеченстанга келгендер курал алып жүрүшпөйт", - деп билдирди Титиев "Настоящее время" телеканалындагы маегинде.
Ал аял кишинин чачын такырайта кыруу Кавказ аймагында мазактоо катары караларын кошумчалады.
Кол салууга кабылган Елена Милашина 2013-жылы АКШнын Мамлекеттик департаментинин "Каармандыгы үчүн" аттуу абройлуу сыйлыгына ээ болгон. Ал иштеген "Новая газета" басылмасы узак жылдан бери Орусиядагы саналуу эркин медиа каражаты катары катары саналып келди. Бул гезит Орусиянын Украинадагы урушу башталып, цензура күчөгөн маалда ишин убактылуу токтотууга аргасыз болгон.
2021-жылы "Новая газетанын" башкы редактору Дмитрий Муратовго "Нобелдин" тынчтык сыйлыгы ыйгарылган.
2006-жылы бул басылмада иштеген, Чеченстандагы укук бузууларды ачык айтып келген иликтөөчү журналист Анна Политковская киши колдуу болгон.
Эл аралык укук коргоо уюмдары орус бийлигинен Политковскаянын өлүмүнө байланыштуу бардык күнөөлүүлөрдүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышын талап кылып келет.