Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

Украинада контрчабуул жайлады, жикчилдер референдум дайындады


Украинанын Харьков облусунда талкаланган орус аскердик техникаcы. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын Харьков облусунда талкаланган орус аскердик техникаcы. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Куралдуу күчтөрү бошотулган аймактарда позицияларын чыңдап, башка багыттарда жүрүштөрүн аз-маз жайлатты. Киев контрчабуулдун мындан аркы темпи чет жактан келген аскердик жардамдын ыкчамдыгынан көз каранды экенин билдирди.

Бул арада чыгыштагы Донецк жана Луганск облустарындагы жикчилдер Орусияга кошулуу жөнүндө референдумга даярдыктарын баштады.

Согуш талаасындагы жүрүштөр

Фронттук линиянын башынан аягына чейин кармаш тынымсыз уланып жатканы менен согуштун темпи бир аз жайлагандай болду. Орус аскерлери Донецк, Луганск, Херсон облустарындагы өздөрү басып алган жерлерди коргоого көбүрөөк күч жумшап жатса, украиндер бошотулган Харьковдо позициясын туруктуу кармоого жан үрөп жатат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев контрчабуулун мындан ары деле улантууга даяр экенин, бирок анүчүн чет жактан кошумча курал-жарак келиши керектигин билдирди.

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

“Азыр эң маанилүү нерсе бул – темп. Бошотулган райондорду туруктуштырууга темп керек. Боштондукка чыгарылган аймактарды нормалдуу жашоого кайтаруу үчүн темп керек. Биздин аскерлердин кыймылы темп менен жүрүшү зарыл. Ошол эле маалда биздин өнөктөштөрдүн колдоосу да темп менен болгону жакшы. Бул жөнүндө биз ачык айтып жатабыз, биздин жүрүштөр канчалык тездеген сайын Украинага берилчү жардамдын темпи ошого жараша болуш керек”, – деди Зеленский соңку видео кайрылуусунда.

Украинанын армиясы августтун аягында орус армиясына каршы контрчабуулду баштаган. Масштабдуу жүрүш алгач түштүктөгү Херсон, Запорожье жана Николаев облустарында башталып, кийин чыгыштагы Харьков, Луганск жана Донецк облустарында күчөгөн.

Натыйжада алар орус күчтөрүн Харьков облусунан дээрлик толук сүрүп чыкты. Украинанын күчтөрү сентябрдын башынан бери бул аймакта 421 шаарларды жана конуштарды бошотту.

Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер көгүш түс менен көрсөтүлгөн. 20-сентябрга карата карта.
Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер көгүш түс менен көрсөтүлгөн. 20-сентябрга карата карта.

Бирок соңку күндөрү украиндердин жүрүшү анча сезилбей калган. Украин президенти өз билдирүүлөрүндө “бул жымжырттык эмес экенин, калган аймактарды бошотууга даярдык” экенин айтууда.

Орусиянын Коргоо министрлиги болсо алардын аскерлеринин жүрүштөрү кадимки тартипте уланып жатканын билдирүүдө. Министрликтин өкүлү Игорь Конашенков 20-сентябрдагы маалыматында адаттагыдай эле украин тараптын жоготуулары тууралуу кабарлады.

Игорь Конашенков
Игорь Конашенков

“Атайын аскердик операция башталгандан бери 295 учак, 155 тик учак, 2007 учкучсуз учуучу аппарат, 375 зениттик ракеталык комплекс, 5038 танк жана башка чопкутталган машинелер, 839 реактивдүү системаларды алып жүрүүчү автоунаа, 3403 талаа артиллериясы жана миномет, ошондой эле 5719 атайын аскердик техника жок кылынды”.

Орусиянын аскерлери 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. Бул аралыкта Киев 9 миңдей жоокерин жоготконун тактады. Орусия мартта 1351 аскери өлгөнүн расмий билдиргенден бери маалыматтарды жаңылай элек. Украиндер орус армиясынын 55 миңдей аскери өлдү деп кабарлап жатышат.

Киев орус тараптын 2 миңден ашык танкын, 5 миңдей чопкутталган автоунаасын, 1 жарым миңдей артиллериялык системаларын, 200дөн ашык учагын жана 200дөн ашык тик учагын жок кылганын маалымдап жатат.

Жикчилдердин ыктымал референдуму

Ал ортодо Украинанын чыгыш облустарында өздөрүн мамлекет деп жарыялап алган “Донецк Элдик Республикасы” менен “Луганск Элдик Республикасы” түзүмдөрү Орусияга кошулуу аракеттерин баштады.

Донецк жикчилдеринин лидери Денис Пушилин жаңы билдирүүсүндө референдум өткөрүүгө даярдык жүрүп жатканын маалымдады. Пушилин аталган темада Луганск жикчилдеринин башчысы Леонид Пасечник менен телефондон сүйлөшүп жаткан видеосун жарыялады.

Денис Пушилин
Денис Пушилин

“Бизге бүгүн Коомдук палаталардан кайрылуу келип түштү. Бул биздин калктын Орусияга кошулуу тууралуу кыялында турган пикири. Биз айрым аспектилер боюнча чогуу иштешибиз керек, кээ бир аракеттерибизди шайкеш алып барганыбыз туура болот. Республикаларыбыздын башчыларынын администрацияларынын жана парламенттик аппараттардын аракетин биргеликте жүргүзүүнү сунуштайм. Алар референдумга даярдыктарды биргеликте алып барышы керек”, – деди Донецкидеги жикчил түзүмдүн өзүн-өзү жарыялаган башчысы Денис Пушилин.

Бул сүйлөшүүлөрдөн соң жикчилдердин парламенттери Орусияга кошулуу жөнүндө референдумдарды 23-27-сентябрда өткөрүүнү дайындады. Муну менен катар Орусиянын аскерлери ээлеп турган Украинанын Херсон облусунда да ушул күндөрү референдум өткөрүү сунушталды.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк оккупацияланган аймактарда референдум өткөрүү алардын макамын өзгөртпөй турганын билдирди.

Михаил Подоляк
Михаил Подоляк

"Орусиялык пропагандачылар "референдумду" панацея (бардык оорудан, балаадан айыктыруучу дары) сыяктуу жакшы көрүп жатышат. Менде аларга жаман жаңылык бар. Дүйнөдө глобалдык консенсус жана эл аралык укук деген бар. Ага ылайык, Донецк, Луганск, Крым – бул Украина. Желектерди башка түстөргө боёп алуунун баары – эч нерсени өзгөртпөгөн фикция", – деп жазды Подоляк Твиттердеги баракчасында.

Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва буга чейин жикчилдерди колдогонун төгүндөп келген. Бирок Орусия быйыл февралда ал түзүмдөрдү көз карандысыз мамлекет катары таанып, аларды коргоо үчүн Украинага басып кирген.

Донецк менен Луганск облустарындагы жикчилдер Орусияга кошулуу тууралуу референдумдарды өткөрөрүн буга чейин эле жарыялап келишкен. Согуштук абалдан улам ал аракеттер башталбай келген. Расмий Киев булардын аракеттерин мыйзамсыз деп атап, тааныган эмес.

Харьковдогу эксгумация

Бул арада Изюмдан табылган массалык сөөк көмүлгөн жайларда эксгумациялоо аракеттери уланууда. Ушул учурга чейин 146 өлүк казып алынып, соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

Изюмдун чет жакасындагы токойдон табылган массалык сөөк көмүлгөн жай.
Изюмдун чет жакасындагы токойдон табылган массалык сөөк көмүлгөн жай.

Аталган жашыруун көрүстөн Орусиялык күчтөр Харьковдон чегингенден кийин аталган шаардын жанындагы токойдон табылган. Анда дээрлик 450 адамдын өлүгү жашырылганы такталды.

Харьков облустук полициясынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Сергий Болвинов бул жөнүндө журналисттерге мындай деди:

Сергий Болвинов
Сергий Болвинов

“Биз азыр көрүп жаткандай, жайкын тургундардын жана аскерлердин сөөктөрү эч кандай табытсыз көмүлгөн. Ошого байланыштуу өлүктөр бузулуп кетиптир. Чирий баштагандары да бар экен. Баштапкы кароодо адамдардын денелерине келтирилген зыяндарды толук аныктоо мүмкүн эмес. Ок тийген-тийбегенин да тактоо өтө оор. Бул жумуштар соттук-медициналык экспертизанын жүрүшүндө аткарылат”.

Орусиянын бийлиги Изюмда орус аскерлери чыгып кеткенден кийин табылган массалык сөөк көмүлгөн жайларды “жалган” деп атады.

Президент Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков муну Бучадагы окуя менен окшоштурду. Андагы жайкын тургундардын кыргыны тууралуу маалыматты да Орусия төгүндөп чыккан.

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

“Бул сценарийди алар Бучада да колдонушканын билебиз. Баары бир эле сценарий менен өнүгүп жатат. Бул жалган жана карандай калп. Албетте, биз бул окуяда баштан-аяк өз чындыгыбызда турабыз”, – деп билдирди Кремлдин өкүлү РИА Новости маалымат агенттигине берген комментарийинде.

Февралда Украинага басып кирген орус аскерлери бир айдай ээлеп тургандан кийин бошоткон Буча шаарында да ондогон, жүздөгөн жай тургундар набыт болгон абалда табылган. Украин күчтөрү Бучаны алышкан учурда сөөктөрдү көчөлөрдө, талааларда жаткан жеринен көрүшкөн. Жапырт сөөктөр көмүлгөн бир эле жайдан 300 адамдын өлүктөрү чыккан. Буга байланыштуу дүйнө коомчулугу Орусиянын аракеттерин кескин сынга алып, Бириккен Улуттар Уюмунун платформасында да маселе көтөрүлгөн.

Украин бийлиги Изюмдагы кыргын Бучадагыдан эки эсе жаман экенин билдирип, Батыш өлкөлөрүн бул боюнча аскердик трибунал өткөрүүгө чакырды. АКШ, Франция, Германия, Канада баштаган өлкөлөрдүн жана Евробиримдиктин лидерлери Изюмдагы жайкын тургундардын кырылышын “жырткычтык” деп баалап, Орусиянын аракеттерин айыпташты.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG