Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) украин бийлигине шилтеме берүү менен Чернобыл АЭСинде электр энергиясы калыбына келтирилгенин билдирди.
Орусиялык аскерлер Украинага киргенде Чернобыл АЭСин басып алган. Украин тарап станциядагылар туткунда экенин билдирип келет.
АЭСти электр менен камсыздоо станциядагы кармаштан кийин үзгүлтүккө учураган. Кайсы бир убакка чейин технологиялык кырсык коркунучу сакталып турган.
Киевде ракета 10 кабаттуу үйгө тийди
Украиналык ЖМКнын маалыматында каргаша Подольск районунда болгон. Өрт өчтү, бирок үй толук талкаланды. Өлгөндөр жана жабыр тарткандар тууралуу азырынча кабарлана элек. Алдын ала маалыматта үйдүн жашоочулары бомбадан сактоочу жайда болгону айтылууда.
Бириккен Улуттар Уюмунун Гаагадагы эл аралык соту 16-мартта Украинанын Орусияга каршы арызы боюнча чечимин чыгарат.
Соттун Твиттердеги баракчасына жарыялангандай, Орусия Украинага кол салгандан үч күн өткөндөн кийин 27-февралда арыз менен кайрылган.
Украин бийлигинин өкүлдөрү соттон Орусияга аскердик операцияны тез арада токтотууга чара көрүүнү өтүнгөн. Орусиянын өкүлдөрү соттук отурумга катышпай турганын кат түрүндө билдирген.
Киев: Эл жашаган үй аткыланып, эки киши каза тапты
Бул калаанын Святошинск районунда болгонун Украинанын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдирди. Снаряд 16 кабаттуу үйгө тийген. Ага чейин Подольск районунда ракета тийген үйдүн беш кабаты өрттөнүп кеткен.