Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:39
Сумы, Глухов. 19-ноябрь, 2024-жыл
Сумы, Глухов. 19-ноябрь, 2024-жыл

Түз ободо Украина: Сумыдагы соккунун курмандыктары көбөйдү

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

13:33 15.3.2022

Харьков облусунда өрт өчүрүлүп, уранды астында калгандарды издөө иштери жүрүп жатат.

Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматында Харьковдо өткөн түнү аткылоодон улам катуу өрт чыккан.

Бир суткада жарылбай калган 34 снаряд табылган. Уранды астынан жети адамдын сөөгүн алып чыгышкан, үчөө тирүү табылган.

14:23 15.3.2022

Бээжин Украина маселеси боюнча Кытай бийлигинин позициясын каралап, туура эмес маалымат таратып жатканын айтып чыкты.

Бул боюнча тышкы иштер министри Ван И испаниялык кесиптеши Мануэл Альварес менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда айтты. Министр кайсы күчтөр тууралуу сөз болуп жатканын тактаган эмес. Элчи Бээжин Киев менен Москваны аскердик жаңжалды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакыра турганын дагы кайталады.

Синьхуа агенттиги билдиргендей, Ван И эки тарапты тең карманууга чакырып, дүйнө коомчулугун орус-украин сүйлөшүүсүнө көмөктөшүүгө үндөдү. Римде Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин жогорку даражалуу өкүлү Ян Цзечи менен АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан жолугушту.

Кытай тарап Украинадагы абалды жөнгө салууда "коопсуздук боюнча бардык тараптардын мыйзамдуу тынчсыздануусун" эске алууну сунуштады. Муну Украинага басып кирерден бир аз мурда Батыш өлкөлөрүнө бир катар коопсуздук талаптарын койгон Москванын позициясын кыйыр түрдө колдоо катары бааласа болот. Салливан Кытай тарапты Орусияга аскердик жактан жана кандайдыр бир ортомчусуз жардам берүүдөн карманууга чакырды.

16:24 15.3.2022

Чехиянын, Польшанын жана Словениянын премьер-министрлери 15-мартта түштөн кийин орус аскерлери ар тараптан аткылап жаткан Киевде чогула турган болушту.

Борбордук жана Чыгыш Европанын Евробиримдикке кирген үч мамлекетинин жогорку саясий жетекчилигинин сапары Орусия Украинага кол салып, шаарларын талкалап, кыйратып жаткан учурга туура келди.

Чехия, Польша жана Словения Украинага саясий-моралдык колдоо көрсөтүп, тилектештигин билдирүү үчүн согуштук абалга карабастан жолугушуу Киевде өтөрү күтүлүүдө.

Чехиянын премьер-министри Петр Фиала Твиттердеги баракчасына үч лидер Украинанын президенти Владимир Зеленский жана премьер-министр Денис Шмихал менен жолугарын билдирди.

"Сапардын максаты - Евробиримдиктин Украинага, анын эркиндиги менен көз карандысыздыгына бир тараптуу колдоо билдирүү", - деди Фиала.

16:26 15.3.2022

15-мартка түнү орто алыстыкка атылчу орусиялык ракеталык соккулардын натыйжасында Украинанын Днепр шаарынын эл аралык аэропорту олуттуу кыйроого учурады.

Бул тууралуу Днепропетровск облустук администрациясынын башчысы Валентин Резниченко билдирди.

"Учуп-конуу тилкеси талкаланды, терминал бузулду, чоң зыянды калыбына келтирүү үчүн көп убакыт керек", - деп жазды Резниченко өзүнүн Facebook баракчасына.

Днепрден шайланып келген Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Максим Бужанский «бизде эми мындан ары аэропорт жок, талкалап салышты» деп билдирди.

Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Днепр аэропорту жарандык, анын ичинде эл аралык каттамдар үчүн колдонулуп келген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG