Украина менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасы “техникалык тыныгуудан” кийин 15-мартта кайра уланат. Тынчтыкка жетишүү маселеси эртең жыйынтыктала турган болду. Бул тууралуу эки тараптын делегация мүчөлөрү ырасташты.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин улук кеңешчиси Михайло Подоляктын айтымында, бул тыныгуу "жумушчу топтор иштеп, кеңешүүсүнө кошумча убакыт берүү жана аныктамаларды тактоого" мүмкүндүк берет.
Подоляк сүйлөшүүдө ок атышууну дароо токтотуу, орус аскерлерин өлкөдөн токтоосуз түрдө чыгарып кетүү жана коопсуздук кепилдигин алуу боюнча оор талаш-тартыштар болгонун айтты.
Буга чейинки үч жолку бетме-бет жолугушуудан кийинки видеобайланыш аркылуу өткөн сүйлөшүүлөр Орусиянын Украинага аба соккулары жана жерден зениттик-артиллериялык аткылоосун күчөтүп жаткан учурга туш келген.
Бул дипломатиялык аракеттер орус аскерлери Украинанын баш калаасына жана башка ири шаарларга кысымын улантып жатканына карабай, Москва дагы көп жарандарды "жашыл коридорлор" аркылуу эвакуациялоого жол ачат деген үмүт жаратууда.
Мурунку сүйлөшүүлөрдө тараптар алдыга жылыштар болбогонун, бир чечимге келүү кыйын болуп жатканын белгилешкен. Анын айынан жүз миңдеген адамдар тамак-аш, суу жана дары-дармектин тартыштыгына дуушар болгону айтылган эле.
Бул жолугушуунун алдында "РИА Новости" агенттиги орусиялык делегат Леонид Слуцкийге шилтеме жасап, "буга чейинки тынчтык сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыштарга жетишилгенин жана делегациялар жакын арада келишимдин макулдашылган долбооруна жетишиши мүмкүн экенин" жазды.
Украинанын жана Европанын лидерлери Орусиядан согуштун айынан камалып калган жайкын тургундарга коопсуз өтмөк берүүсүн талап кылды.
Украин бийлиги 14-марттан баштап ондон ашуун гуманитардык коридор ачылганын, анын ичинде Мариуполдон дагы элди алып чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн билдирди.
"Силерге калп айтып жатышат!"
Орусиянын Биринчи каналындагы "Время" программасынын эфиринде согушка каршы плакат көтөргөн аял кирип келип, согушту токтотууну талап кылды.
14-марттын кечинде Биринчи каналдын редакторлорунун бири Марина Овсянникова "Время" телеканалынын түз эфиринде согушту токтотууну талап кылды. Ал алып баруучу Екатерина Андреева Орусияга салынган чет элдик санкциялар тууралуу айта баштаганда кадрга түшкөн. Марина Овсянникова колуна "Согушту токтоткула. Бул жерде калп айтып жатышат, пропагандага ишенбегиле" деген плакатты кармап чыгып, "Согушту токтоткула, Согушка жол жок!" деп кыйкырган. Мындан кийин эфирге санкциялар тууралуу атайын даярдалган сюжет кетип, "Время" берүүсү мурдагыдай эле уланып кеткен.
Кийинчерек Биринчи канал "кадрдагы инцедент" тууралуу териштирүү болорун кабарлады. Марина Овсянникованы дароо кармашып, 14-мартта ал "Останкино" ички иштер бөлүмүндө кармалган. Бул тууралуу анын адвокаты Павел Чиков билдирди.
"Ага карата аскер цензурасы жана орусиялык куралдуу күчтөрдү дискредитациялоо деген берене менен протокол түзүлдү. Ага адвокат Даниил Берман кирип чыкты", - деп билдирди Чиков. Бирок адвокат камактагы аялга жолуга алган эмес.
Румынияда 14-мартта Орусиянын "Орлан" учкучсуз аппараты кулап түштү. Бул тууралуу Румыниянын Бистрица-Несэуд районунун бийлигинин маалыматына ылайык, жабыркагандар жок.
Аппараттын кулаган жеринен тартылган сүрөттөн анын чалгындоо үчүн колдонулган "Орлан-10" экенин билүүгө болот. Окуя советтик ТУ-141 учкучсуз аппаратынын Хорватиянын борбору Загребде кулап түшкөндөн кийин болду. Хорватия бийлиги аппараттын Украина аймагынан учурулганын божомолдоп жатат. Өлкөнүн Коргоо министрлиги кулаган техникадан 40 кг жардыргыч зат табылганын маалымдады. Дрондун Хорватия аймагына кирип келгени боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Financial Times: Кытай Орусияга аскердик жардам көрсөтүүгө даяр. Өткөн дүйшөмбүдө Financial Times басылмасы жеке булактарына таянып, Москва Бээжинге жардам сурап кайрылганын жазып чыкты. Кийин орус бийлиги бул маалыматты төгүндөдү. Аталган басылма дүйшөмбүнүн кечинде АКШ өз союздаштарына Кытайдын Орусиянын өтүнүчүн колдоого ачык экенин кабарлаганын жазды.