14-мартта кырдаалды жөнгө салып, ок атышуунун шарттарын кароо боюнча орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн төртүнчү айлампасы өтүүдө. Бул жолу эки тараптын делегациялары бетме-бет жолугушпай, интернет аркылуу онлайн-сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Украин делегациясынын мүчөсү, президенттик кеңсенин кеңешчиси Михайло Подоляк алдыда татаал сүйлөшүү күтүп жатканын, украин тарап өз талаптарын, анын ичинде ок атышууну токтотуу, аскерлерди чыгаруу жана коопсуздук кепилдигин талап кыларын билдирди.
Ал Орусия Украинанын шаарларын тынымсыз бомбалап, 19 күндөн бери зомбулук көрсөтүп жатканына карабай, сүйлөшүүлөрдөн кандайдыр бир жыйынтык болушу мүмкүн деген пикирин билдирди.
Подоляктын айтымында, сүйлөшүүдө курчоодо калган шаарлардагы карапайым калктын оор абалына байланыштуу гуманитардык маселелер талкууланат.
Буга чейин украин жана орус делегацияларынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдө кандайдыр бир жылыш бар экенин айтып, бирок кеңири маалымат берген эмес.
Украин бийлиги Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинаны демилитаризациялоо, Крым аннексиясын жана «ДЭР» менен «ЛЭР» деп аталган жикчил республикалардын көз карандысыздыгын таануу талабын бир нече жолу четке каккан.
Киев эгер Украина өзүнүн коопсуздугуна Орусиядан жетиштүү кепилдик алса, НАТОго кирүү планынан баш тартышы мүмкүн экенин ачык айтты.
Сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки үч айлампасы Беларуста февралдын аягында – марттын башында өтүп, майнапсыз аяктаган.
Башкы прокуратура 14-мартта таңга маал Орусиянын куралдуу кол салуусунун кесепетинен 90 бала каза таап, 100дөн ашууну жарадар болгонун билдирди.
Маалыматка ылайык, балдардын өлүмү Киев, Харьков, Донецк, Чернигов, Сумы, Херсон, Николаев жана Житомир облустарында көп катталган.
"!Кечээ эле Николаев облусунда жарандык турак жайларды аткылоонун натыйжасында эки бала чарчап, дагы экөө жарадар болгон. Жардыруу жана аткылоодон 379 билим берүү мекемеси жабыркап, анын 59у толугу менен талкаланган. Кыйроонун көбү Донецк облусунда - 119 билим берүү мекемеси. Николаевде – 30, Сумыда – 28, Киевде – 35, Херсондо – 21, борбордо – 24", — деп жазылган Украинанын Башкы прокуратурасы 14-мартта тараткан маалыматта.
Орусиянын аскер күчтөрүнүн тынымсыз артиллериялык аткылоолору, аба соккулары жана айыгышкан салгылаштар жүрүп жаткан жана убактылуу оккупацияланган аймактардагы жарандык калктын арасындагы адам курмандыктарын, анын ичинде балдардын өлүмүн аныктап, текшерүү мүмкүнчүлүгү жоктугун эске алуу менен Башкы прокуратура берилген сандар акыркы эмес экенин белгилейт.
12-мартта жарыяланган маалыматка ылайык, Украинанын укук коргоо органдары орус аскерлеринин Украинадагы согуш кылмыштары боюнча 1700дөн ашуун ишти иликтеп жатат.
Мариупол шаарынын мэринин кеңешчиси Петро Андрющенко курчоодо турган шаардан жайкын тургундарды чыгаруу үчүн "жашыл коридор" ачылганын билдирди. Анын жыйынтыгында шаардан кеминде 50 автоунаа сыртка чыгарылганын кошумчалады.
"Бизде Мариупол багыты боюнча жеке транспорт үчүн гуманитардык коридор ачуу ок атышууну убактылуу токтотуп, "жымжырттык режимин" сактоого жетиштик. Муну биз иш жүзүндө ырастай алдык. Учурда 50дөн ашуун жеке менчик автоунаа Бердянсктан өтүп, Запорожье таратапы көздөй багыт алды. Азырынча көзөмөл-өткөрүү пункттарынан өтүүдө көйгөйлөр жок", - деп жазды Андрющенко.
Бир жарым жумадан ашуун убакыттан бери Мариупол шаары орус армиясынын курчоосунда турган болчу. Шаарды тынымсыз ракеталык аткылоолорлор токтобой, "ок атпоо режими" боюнча жетишилген макулдашууларды Орусиянын аскер күчтөрү сактабай келгени белгиленди.
Анын натыйжасында Азов деңизинин боюндагы Мариупол порт шаарындагы калк жашаган турак жайларга, медициналык мекемелерге жана башка социалдык объектилерге абадан сокку урулуп, тынымсыз аткыланып турду.
Орусия тарап жарандык объектилерге аба соккулары урулбаганын айтып, айрым социалдык жана медициналык мекемелер украин күчтөрүнүн баш калкалоочу жайларына айланган үчүн гана аткыланганын билдирген.
14-мартта Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы "Орусия жаңы агрессия уюштуруу үчүн Сириядан жалданма топторду тартууну баштады" деп билдирди.
"Келип түшкөн маалыматтарга караганда, Сирияда жалданмаларды кабыл алуу борборлору ачылып, миңден ашуун адам тартылган. Анын ичинен 400гө жакын адам Орусияга келген. Ростов (Россия Федерациясы) жана Гомел (Беларусь Республикасы) облустарындагы Украинанын чек арасына жакын жерлерде аларды жайгаштыруу жана машыгуу лагерлери түзүлдү", - деп жазылган Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы тараткан билдирүүдө.
Бирок Орусия тарап мындай айыптоого комментарий бере элек.