Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:39
Сумы, Глухов. 19-ноябрь, 2024-жыл
Сумы, Глухов. 19-ноябрь, 2024-жыл

Түз ободо Украина: Сумыдагы соккунун курмандыктары көбөйдү

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

15:15 14.3.2022

Киевдин түндүгүндөгү Оболон районунда, жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, тогуз кабат турак жай артиллериялык аткыланды. Анын натыйжасында, кеминде эки адам өлүп, жараат алгандар бар экени кабарланды. Көп кабаттуу үйдүн ылдыйкы кабаттары дагы жарым-жартылай талкаланган.

Житомир облусундагы айылдардын биринде аба соккуларынан бир нече турак жай талкаланганы кабарланууда. Ровно шаарында орусиялык аскердик учактын бомбалоосунан телемунара кыйроого учурады.

Донецк облусунун түштүгүндө, анын ичинде курчоодогу Мариупол шаарында дагы айыгышкан салгылаштар уланууда.

Associated Press агенттигинин маалыматына ылайык, жакында төрөт үйүндөгү жардыруудан жараат алган кош бойлуу аялдардын бири каза болду. Орусиянын бийлиги бул төрөт үйү аскердик жайга айланганын, ошондуктан ага сокку урулганын айтып, экинчи жагынан кайра эч кандай бомбалоо болбогонун билдирип, коомчулукту ишендирүүгө аракеттенүүдө.

Мариупол шаардык бийлигинин маалыматы боюнча калаанын 2000ден ашуун тургуну каза тапты. Бирок бул маалыматты көз карандысыз булактар ырастай элек.

15:19 14.3.2022

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өткөн апта соңундагы Анталия дипломатиялык саммитинин алкагында Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлашты.

Жолугушуу жүрүшүндө Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташтыгы боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Мындан сырткары эки тарап эл аралык күн тартиптеги башкы маселе - Украинадагы кырдаал боюнча да пикир алмашты. Анда министр Казакбаев Кыргызстан орус жана укриин элдери менен бирдей достук мамиледе экендигин жана Украинадагы кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып тургандыгын белгиледи.

"Министр Кыргызстан дүйнөнүн бөлүнүүсүнө жана коопсуздуктун бөлүнгүс принцибинин бузулушуна каршы экенин баса белгиледи. Кыргыз тарап кагылышуунун алгачкы күндөрүнөн баштап кырдаалды саясий жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу гана тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактап, тараптарды учурдагы форматтар иштебей калган мезгилде диалогдун жаңы механизмдерин жана форматтарын издөөгө чакырат", - деп айтылат министрлик тараткан билдирүүдө.

15:26 14.3.2022

Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн чечимин мыйзамдуу деп тапты.

Ошондой эле Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды.

Мындай иш-чараларды Бишкектин Максим Горький атындагы скверде уюштурса болот.

Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан кийин Орусиянын Кыргыстандагы элчилигинин алдында орус бийлигин сындап, Украинаны колдогон бир нече акция өткөн. Тескерисинче, Орусияны колдогон да пикет болгон.

16:48 14.3.2022

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан 14-мартта Римде Кытайдын улук дипломаты Ян Цзечи менен жолугуп, Бээжинди Орусияга аскердик жардам көрсөтүүдөн этият болууга үндөдү. Бул тууралуу "Америка абазы" кабарлады.

Октябрда Цюрихте өткөн жабык кеңешмеден бери Салливан Зечи менен биринчи ирет жолукту. Салливан кытай дипломаттарына Бээжин Орусиянын Украинага каршы агрессиясын колдосо, Кытай эл аралык обочолонтууга алып келген чараларга кириптер болорун эскерткен.

АКШнын дипломаттары соңку эки аптадан бери Кытайга Орусия менен болчу соода жүгүртүү жаңы технологияларды алмашуу алакасына оор кесепеттерин тийгизерин жана Кытайга санкциялар салынышы мүмкүн экенин эскертүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG