Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:20
Сумы, Глухов. 19-ноябрь, 2024-жыл
Сумы, Глухов. 19-ноябрь, 2024-жыл

Түз ободо Украина: Сумыдагы соккунун курмандыктары көбөйдү

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

11:59 14.3.2022

13-мартта Украина жана Орусияда болгон окуялар

- Украина менен Польшанын чек арасындагы аскер полигонуна урулган соккудан 35 адам каза таап, 130у жарадар болду.

- Киевдин сырт жагындагы аткылоо маалында америкалык журналист Брент Рено окко учту.

- Орусия басып алган Херсондо митинг болду. Анын катышуучулары украиналык желекти булгалап "Фашисттер үйүңөргө баргыла, Херсон - Украинанын шаары" деп кыйкырып турушту.

– ОВД-инфонун маалыматында Орусияда согушка каршы өткөн акцияда 900дөй адам кармалды.

- Орусияда Башкы прокуратуранын талабы менен Инстаграм өчтү.

– Орусияда McDonald’s ресторандары ишин токтотту.

14:29 14.3.2022

Чечен Республикасынын башчысы Разман Кадыров Телеграм-каналына Украинадагы согуш жүрүп жаткан аймакка келип, Киевге жакын жерде экенин жазып чыкты.

"Киевдин бир тарабынан биз кирип баратабыз, экинчи жагынан менин урматтуу агам Адам Делимханов баштаган эки жолку аскердик өнөктүктү басып өткөн тажрыйбалуу жоокерлер күжүрмөн жөндөмүн жана духун кайра-кайра көрсөтүп келе жатышат", - деп жазды Кадыров.

Анын Украинада жүргөнү тууралуу бир күн мурда тараган тасма Гостомелде тартылган.

"Видеодо биз Гостомелде турабыз. Өткөндө биз силерден 20 чакырымдай гана алыс болчубуз", - деп жазды Рамзан Кадыров.

Кадыров Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестовичтин "Эгерде Кадыров чындап эле Киевдин жанында болсо, Украинанын Куралдуу күчтөрү аны жок кылат" деген сөзүнө да жооп берди.

14:44 14.3.2022

Казакстан Украинага гуманитардык жардам катары 28 тонна дары-дармек жөнөттү. Бул Украинага Казакстандын өкмөтү расмий түрдө жиберген биринчи гуманитардык жардам.

Буга чейин Казакстандагы коомдук уюмдар, ыктыярчылар жана жеке демилгелүү жарандар украин элчилиги аркылуу Киевге гуманитардык жардам жибере баштаган.

Алматы эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, гуманитардык жардам жүктөлгөн учак 14-март күнү эртең менен Украинага учуп кетти.

Гуманитардык жардамдын жалпы салмагы 28,2 тоннаны түзөт.

15:13 14.3.2022

Польшанын вокзалдары украиналык качкындарга толду

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG