Биаррицте (Франция) активист Пьер Афнер Путиндин кызы Екатерина Тихонованын вилласына кирип барып, бардык каалгаларынын кулпусун алмаштырды. Активист бул виллага украин качкындарын жайгаштыруу керек экенин белгиледи.
"Вилланын сегиз уктоочу бөлмө, үч ваннасы бар" деп билдирди Аффнер The Insider басылмасына.
9 avenue du general Mac-Croskey дарегиндеги виллада Геннадия Тимченкого жана Кирилл Шамановго тийешелүү документтер да табылган.
Орусиядагы McDonald's ресторандары 13-мартта акыркы жолу иштеп жатканын билдирди. Буга байланыштуу ага кирүүгө кезек күткөндөр көп болду.
Орусия Кытайдан аскердик жана экономикалык жардам сурады.
Бул тууралуу New York Times АКШнын администрациясындагы атын атабаган өкүлгө таянып билдирди. Булак Орусия сураган аскердик техниканын түрүн жана Кытайдын өтүнүчкө реакциясын айтуудан баш тарткан.
Орусиялык абадан коргонуучу жабдыгы өзүнүн учкучсуз учагын атты
Орусиялык абадан коргонуучу жабдыгы өзүнүн чалгындоочу учкучсуз учагын жаңылыш атып алды, бирок муну жашыруу үчүн орус аскерлери Украинанын куралдуу күчтөрүнө таандык «Байрактарды» талкалаганын айтууда. Бул тууралуу Украинанын аба күчтөрүнүн жетекчиси Валерий Залужный билдирди.
"13-мартта саат 9:35те Харьков облусундагы Веселый районунда Орусиянын аскер аба күчтөрүнүн 6-армиясына таандык "ТОР" зениттик ракеталык комплекси менен 3200 бийиктикте Харьков тарапка чалгынга бараткан орусиялык БПЛА атып түшүрүлдү. Бирок орусиялык аскерлер өз айыбын жашыруу үчүн Украинанын куралдуу күчтөрүнө таандык "Байрактар" атып түшүрүлгөнүн билдирди. Дүйнөдөгү аскердик кубаты жагынан 2-орунда турган армия ушинтип согушуп жатат", - деп жазды Заслужный Фейсбукка.
Ал Украина орус армиясынын жеңилбестиги тууралуу мифти жокко чыгарганын кошумчалады.