Украинанын Херсон облустук кеңешинин депутаты Сергей Хлань "ДЭР" жана "ЛЭР" өңдүү "Элдик республика" түзүү үчүн референдум даярдалып жатканын билдирди. Депутаттын айтымында учурда кызматташуу тууралуу телефон чалуулар болууда. Херсонду орусиялык аскерлер басып алган.
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Орусия Украинага каршы химиялык курал колдонушу ыктымал деген кооптонуусун билдирди. Германиянын Welt am Sonntag гезитине 12-мартта курган маегинде ал “Соңку күндөрү биз химиялык жана биологиялык курал боюнча лабораториялар тууралуу акылга сыйбас билдирүүлөрдү угуп жатабыз” деп айтып, Кремль “актоого мүмкүн эмес нерселерди актоо үчүн жалган шылтоо ойлоп табууда” деп кошумчалады.
Ошону менен катар НАТОнун башкы катчысы “Эми Орусия мындай калпка таянып өзү химиялык курал колдонула турган операцияны ишке ашырышы толук ыктымал, андыктан биз сак болушубуз керек” деп билдирди.
Москва Украинада Пентагондун (АКШнын Коргоо министрлиги) жетекчилиги менен канаттуулар жана жарганаттар жайылта турган бактериологиялык курал жасалуучу атайын лабораториялар иштеп жатканын айткан.
Орусиянын мындай билдирүүсүнөн кийин Бириккен Улуттар Уюмунун куралсыздандыруу боюнча өкүлү Исуми Накамицу андай маалыматы жок экенин айткан.
Украинанын укук коргоо органдары Орусиянын аскердик кылмыштарына байланыштуу 1700дөн ашуун кылмыш ишин иликтеп жатат. Бул тууралуу украин башкы прокурору Ирина Венедиктова 12-марттын кечинде билдирди.
Ал орусиялык аскерлердин кылмыштарына күбо болгон жарандарда сүрөт же видеодалилдер болсо укук оргоо органдарына берүүгө чакырды.
Украин президентинин кеңсесинин маалыматына караганда Орусия өлкөгө басып киргенден бери 79 бала курман болду.
13-мартка караган түнү Украинанын Львов шаарында эки жолу катуу жарылуу болгонун жергиликтүү басылмаларга таянып “Би-Би-Си” билдирди.
Маалыматта айтылгандай, түнү менен Львовдо жана өлкөнүн башка да шаарларында асмандан сокку урулушу ыктымалдыгын эскерткен атайын белгилер угулуп жатты.