Украинанын бийлиги Орусиянын Яворов аскердик базасына ракеталык чабуулунан тогуз киши курман болуп, 57си ар кандай жаракат алганын 13-мартта билдирди. Яворов базасы Украинанын батышында, Польша менен чек арага жакын жайгашкан.
«Баскынчылар Явороводогу Эл аралык бейпилдик жана коопсуздук борборуна абадан сокку урду" ,- деп айтылат Львов облустук администрациясынын социалдык тармактар аркылуу тараткан маалыматында.
Ага ылайык, Орусия сегиз ракета атканы тууралуу маалымат бар.
Орусияда 13-мартта Украинадагы согушка каршы митинг өттү.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүсүндө, полиция 20 шаарда өткөн митингдерде 170тен ашуун катышуучуну кармады.
“Азаттыктын” беларус кызматына жергиликтүү тургундар кабарлагандай, согушта каза болгон орусиялык аскерлердин сөөгү алгач Беларустагы өлүкканаларга алынып келип, ал жактан Орусияга учак же поезд менен ташылууда.
“Өлүктөрдүн саны аябай көп. Мозырь станциясындагы жүргүнчүлөр поездге жүктөлүп жаткан сөөктөрдүн көптүгүн көрүп нес болушту”, - деди Гомель облусундагы Мозырь шаарынын тургуну.
Башка күбөлөр да Гомель жана Наровеле облустарындагы өлүкканалар да аскерлердин сөөгүнө толуп жатканын айтышууда.
Киевдин жанындагы Ирпень шаарында америкалык The New York Times гезитинин журналисти, 51 жаштагы Брент Рено окко учту. Мындай маалыматты 13-мартта Киев облусунун полиция башчысы Андрей Небитовго таянып "Азаттыктын" украин кызматы жазды. Маалыматка караганда, орусиялыктардын соккусунда дагы бир журналист, Ренонун кесиптеши жаракат алды.