Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:47
Сумы, Глухов. 19-ноябрь, 2024-жыл
Сумы, Глухов. 19-ноябрь, 2024-жыл

Түз ободо Украина: Сумыдагы соккунун курмандыктары көбөйдү

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

17:10 12.3.2022

Орусиялык аскерлер басып кирген 17 күн ичинде 79 бала чарчап, дагы 100ү жарадар болду деп билдирди Украинанын Башкы прокуратурасы.

280 окуу жайлары талкаланган.

18:27 12.3.2022

Орусия үчүнчү жумага караган Украинага согушунда аскерлерин кайра топтоп, бардык фронттордо чабуулга өткөнү кабарланууда.

12-март күнү Киев шаарынан түндүк-батышында айыгышкан салгылаштар жүрүп жатканы маалымдалды.

Британиянын Коргоо министрлиги орусиялык жөө аскерлердин негизги бөлүктөрү Киевге 25 чакырым жакындап келгенин билдирди. Анын тараткан маалыматы боюнча, курчоодогу аймактар оор артиллериядан жана танктардан катуу аткыланууда.

Киевдин жанындагы Подол шаарында жардыруу болуп, Сбербанктын имаратында өрт чыкканы кабарланды. Киев облусуна урулган аба соккуларынан Квитневе айылындагы азыктарды сактоочу кампалар күйүп кетти. Авиабомбалардын соккуларынан Черниговдогу "Украина" мейманканасы талкаланганы белгилүү болду. Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку оор соккуларга туруштук берүү дараметин айтып, бул согуштагы чечүүчү учур жакын калганын билдирди:

"Азыркы маалда бүт Орусия боюнча резервисттер менен милдеттүү аскердик кызматтагыларды чогултуп, согуш отуна салып жатат. Биздин элге каршы бир кезде ушул эле оккупант талкалаган Сириядан жалданма баш кесерлерди жумшайт деген кимдин оюна келсин", - деди президент Зеленский.

Орусиянын президенти Владимир Путин 11-мартта коргоо министри Сергей Шойгуну кабыл алып, батыш чек араларын чыңдап, чабуулдарды күчөтүүгө буйрук берген.

Украинанын Куралдүү күчтөрүнүн Башкы штабы орусиялык күчтөр 12-мартка караган түндөн бери Киевден башка Николаев, Сумы, Васильков жана Кропивницкий шаарларын тынымсыз аткылап жатканын билдирди.

21:05 12.3.2022

Орусиялык олиграхтардын күүгүмү

Италиянын Финансалык гвардиясы Москванын Украинага аскердик кол салуусуна жооп иретинде Евробиримдиктин санкциялык тизмесине киргизилген орусиялык ишкер Андрей Мельниченконун "А" деген аталыштагы яхтасын камоого алды.

Бул тууралуу италиялык La Repubblica, ошондой эле орусиялык РИА Новости Италиянын укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме берип, маалымат таратышты.

Жалпы наркы 530 миллион еврого барабар бул яхта Италиянын Триест портунда токтоп турган. РИА Новости агенттиги кабарлагандай, кеме француз өнөр жай дизайнери Филипп Старк тарабынан иштелип чыгып, 2008-жылы Германиянын Киль шаарында деңизге сүзүүгө түшүрүлгөн.

Европа Биримдиги 9-мартта Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу Мельниченкону санкциялык тизмеге киргизген.

Ал эми Португалияда криминалдык полиция орусиялык миллиардер Роман Абрамовичке бул өлкөнүн жарандыгын алууга жардам берген раввинди кармады.

Орусиялык ишкер буга чейин ата-бабалары 15-кылымдын аягында Португалиядан куулганын далилдеп, Евробиримдиктеги бул өлкөнүн паспортун алган.

Равин Даниэль Литвак Абрамовичтин кантип жарандык алганын иликтеген иштин алкагында кармалганын португалиялык Publico гезити жазды.

Лиссабон Абрамовичке жарандык мыйзамсыз берилген болушу мүмкүн деп шек саноодо.

21:15 12.3.2022

Кировоград облусунун Новоукраинка районунун аймагында Украинанын коопсуздук кызматы орусиялык «ЧВК Вагнера» тобунун согушкерин туткунга алды. Бул тууралуу атайын кызмат өзүнүн Телеграм-каналында кабарлады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG