Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:21
Сумы, Глухов. 19-ноябрь, 2024-жыл
Сумы, Глухов. 19-ноябрь, 2024-жыл

Түз ободо Украина: Сумыдагы соккунун курмандыктары көбөйдү

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

21:18 11.3.2022

Орусиянын Тергөө комитети Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүнө ээлик кылган америкалык Meta компаниясына каршы кылмыш ишин ачты. Мындай маалымат 11-мартта комитеттин расмий сайтына жарыяланды.

Анда иш "экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашырууга ачык чакырык" жана "террорчул аракеттерге кол кабыш кылуу" беренелери менен тергелип жатканы айтылган.

Ал арада Орусиянын Башкы прокуратурасы Meta компаниясын "экстремисттик уюм" деп таануу өтүнүчү менен сотко кайрылды. Маалыматка ылайык, прокуратура Instagram социалдык түйүнүн Орусиянын аймагында жабууну да соттон өтүнгөн.

Мындай чаралар Meta компаниясы орусиялыктарга жана орус аскерлерине каршы зомбулукка үндөгөн билдирүүлөрдү Украина, Орусия, Польша сыяктуу бир нече өлкөдө өчүрбөй турганы кабарлангандан кийин кабыл алынууда. Компаниянын басма сөз катчысы "Орусиялык баскынчыларга өлүм" деген сыяктуу билдирүүлөр өчүрүлбөй турганын, бирок Орусиядагы жайкын тургундарга каршы зомбулукка чакырган маалыматтарга чектөө коюларын билдирген.

Орусияда Facebook социалдык тармагына 4-мартта бөгөт коюлган. Орус бийлиги бул түйүндү Орусиянын мамлекеттик жана өкмөтчүл маалымат каражаттарын чектеди деп айыптаган. Азырынча Meta компаниясына таандык, кыска билдирүүлөрдү алмашууга мүмкүнчүлүк берген WhatsApp тиркемесин бөгөттөө тууралуу эч кандай талап айтыла элек.

Москва Украинага кол салгандан бери согуш тууралуу бейтарап маалымат тараткан бир катар көз карандысыз маалымат каражаттарынын, анын ичинде "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун бир нече кызматынын сайттарын жапкан.

23:46 11.3.2022

Кыргызстан менен Өзбекстан Украинада чыңалууну тез арада токтотуу керек деп эсептешет. Бул тууралуу бүгүн 11-мартта эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Абдулазиз Камиловдин жолугушуусунда айтылганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жолугушуу Түркиянын Анталья шаарында эл аралык дипломатиялык форумдун алкагында өттү.

Эки министр согуштук аракеттерди токтотуу, конфликтти саясий-дипломатиялык каражаттар менен жөнгө салуу максатында сүйлөшүүгө кайтуу зарылдыгын белгилешти.

17:05 12.3.2022

Мелитополдун жашоочулары мэрди бошотууну талап кылды

Орус аскер күчтөрү басып алган Мелитополдо бир нече миң киши шаар мэри Иван Федоровду бошотууну талап кылган митингге катышты. Мындан бир күн мурда аны орусиялык аскерлер кармап, алып кеткени кабарланган.

Ага чейин Украинанын президентинин орун басары Кирилл Тимошенко Федоровду уурдап кеткенин билдирген. Андан кийин мэрди орусиялыктар кармап кеткени тартылган видео тараган.

17:08 12.3.2022

Ракеталык аткылоодон улам Васильков шаарындагы аэропорт толугу менен талкаланды.

"Бүгүн саат 7де душмандын күчтөрү Васильков шаарын аткылашты. Сегиз ракета түшүп, аэропорт толук талкаланды", - деди шаардык администрациянын башчысы Наталья Баласинович Фейсбуктагы баракчасына.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG