Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:35
Сумы, Глухов. 19-ноябрь, 2024-жыл
Сумы, Глухов. 19-ноябрь, 2024-жыл

Түз ободо Украина: Сумыдагы соккунун курмандыктары көбөйдү

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

17:33 11.3.2022

Орусиялык оппозициялык саясатчы, абакта жаткан Алексей Навальный жарандарды ушул дем алышта акцияга чыгууга жана орус күчтөрүнүн Украинадагы чабуулдарына каршылык көрсөтүүгө чакырды. Анын мындай билдирүүсү 11-мартта Instagram социалдык түйүнүндөгү баракчасына жарыяланды.

Навальный орус президенти Владимир Путинди "Орусиянын эли гана тез токтото аларын", митингдер ар бир шаардын башкы аянтында 13-мартта өтө турганын белгиледи.

"Бул оор марафон. Чарчап-чаалыкканга чейинки күрөш. Коркуу жана камоо менен коштолот. Бирок бул пайдасыз күрөш эмес экени анык", - деп жазды Навальный.

Ал "Путиндин пропагандасы" Украинадагы согуштан жабыркагандардын масштабын жашырып жатканын жана эки өлкөгө тең терс таасирин тийгизген согуштун себептери тууралуу жалган айтып жатканын кошумчалады.

17:41 11.3.2022

Кыргызстандын Украинадагы кырдаал боюнча позициясы туруктуу болуп баратат.

Бул тууралуу Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко маалымат жыйынында президент Владимир Зеленскийдин аны Бишкектен кеңешүү үчүн чакыртып алуу чечимине комментарий берип жатып билдирген.

Элчи Украинанын президенти Владимир Зеленский чакыртып аларын жарыялагандан кийин Бишкектен кеткен эмес.

"Бул дипломатиялык механизмдер чечим кабыл алуу үчүн көп убакытты талап кылат. Бирок алар өзгөрүшү мүмкүн, анткени өлкөнүн позициясы өзгөрүп жатат. Кыргызстандын позициясы ырааттуу болуп баратат", - деди элчи.

Элчинин айтымында, ал кыргыз бийлигиндеги жетекчилер менен жолугуп Орусияга киргизилип жаткан санкциялардын кесепети тууралуу айтып жатат.

1-мартта Украина Кыргызстандагы элчисин кеңешүүгө чакыртып алган.

19:58 11.3.2022

11-марттын таңында орусиялык күчтөрдүн Киевдин четиндеги ракета чабуулунан бир нече адам жарадар болду. Алардын арасында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун украин кызматынын кабарчысы Марьян Кушнир да бар. Чабуулдан так канча киши жараат алганы такталууда. Каза тапкандар жок. Дарыгерлер журналист Кушнирге контузия деген диагноз коюшту.

Кушнирдин айтымында, окуя таңкы саат 3төр чамасында Киевден чыгышты көздөй 35 чакырым алыстыктагы Барышевка шаарчасында болгон. Журналист украин күчтөрүнүн коштоосунда аймактагы кырдаалды чагылдырып жүргөн.

Кушнир 2015-жылдан бери "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун кабарчысы болуп иштеп келет. Ал 24-февралдан бери Орусиянын Украинадагы чабуулунун жеринен чагылдырып жатат.

Соңку күндөрү Орусиянын армиясынын Киевдин айланасындагы чабуулдары күчөдү. Орус күчтөрү украин баш калаасын курчоого алууга аракет кылып жатат. Украин армиясы бул чабуулдарга катуу каршылык көрсөтүүдө.

21:17 11.3.2022

Беларусту узактан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко Москвада Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жолугушуусун өткөрүү керектигин айтты. Ал мындай демилгени жума күнү Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусунда көтөргөнүн Орусиянын TASS жана RIA Новости сыяктуу бир катар мамлекеттик маалымат каражаттары жазып чыкты.

"Биз ЖККУда, ЕАЭБде жолугуп, биригишибиз керек. Сиз биз бирге болушубуз керек деп айтып келесиз го. Мен сунуш киргизем, менимче, сиз [Орусиянын президенти] мени колдойсуз. Биз Москвада сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурушубуз керек", - деп айткан Лукашенко.

Орусиянын мамлекеттик медиасы жазгандай, Лукашенко бул жолугушууда Орусия "өнөктөштөрүнө ар дайым жардам берип келгенин" эске салган жана рынокторду бириктирүү менен санкциялардын таасирин азайтууну сунуштаган.

"Казактарга жардам берип келдиңиздер, сиздер айрымдарга рынок ачтыңыздар. Алардын атын атабай эле коеюн, таарынып калышат", - деп айткан Батышта адам укуктарын бузганы үчүн кескин сынга кабылып келген Лукашенко.

Москва үстөмдүк кылган Евразия экономикалык биримдигине Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мүчө. Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна жогорудагы беш өлкөдөн тышкары Тажикстан да кирет.

Орусиянын армиясы 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Мындан улам Батыш мамлекеттери Москвага бир топ санкцияларды киргизди. Бул санкциялардын таасири Кыргызстан сыяктуу Борбор Азия мамлекеттеринде сезилип жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG