Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияга каршы санкцияларды дагы күчөтүүгө чакырды
Зеленский немистердин Die Zeit гезитине курган маегинде санкцияларды убагында салбаса Орусия мурдагы КМШнын башка мамлекеттерине да суук колун салышы мүмкүн экенин эскертти.
"Эгер санкция тууралуу айта турган болсок бул ириде мунай, мунайзаттар жана газ. Дүйнөнүн бардык порттору орус кемелери үчүн жабылышы керек. Жүк ташуучу компаниялар Орусиядан келген жүктөрдү кабыл алуудан жана жүк жиберүүдөн баш тартканы оң. Орус банктарын SWIFT системасынан өчүрүү чек болбошу керек. Эгер муну азыр кылбаса, эртең кеч болот. Орус аскерлеринин Балтика өлкөлөрүнө, Молдова жана Грузияга киришинин алдын алуу абзел. Батыш өлкөлөрү Украинанын үстүнөн гуманитардык учуусуз зона түзүүнү ойлонушу зарыл", - деди Зеленский.
11-марттын түнүндө согуш болуп жаткан аймактан алыс Луцк жана Днепр шаарларында жарылуунун үнү угулду.
Орусиянын президент Владимир Путин чет өлкөлүк жарандарга Украинадагы согушта Орусия колдогон күчтөрдүн катарында күрөшүүгө уруксат берүү идеясын колдоду. Ал бул тууралуу Орусиянын Коопсуздук кеңешинин 11-марттагы жыйынында айтты.
"Эгер акча үчүн эмес, ыктыярдуу түрдө келип, Донбасста жашаган элге жардам берүүнү каалаган адамдарды көрсөңүздөр, анда аларга шарт түзүп, уруш аймактарына жөнөтүүгө жардам берүү керек", - деди Путин.
Анын алдында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Жакынкы Чыгышта 16 миңден ашуун "ыктыярчылар" орус күчтөрү менен кошо украин аскерлерине каршы күрөшүүгө даяр экенин айткан.
Путин жума күнкү жыйында министр Шойгунун Украинада колго түшүрүлгөн, Батышта жасалган "Жавелин" жана "Стрингер" сыяктуу ракеталык системаларды Украинанын чыгышындагы жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардагы күчтөргө өткөрүп берүү тууралуу сунушун да колдоду.
Казакстандыктар чогулткан 40 тонна гуманитардык жардам 11-мартта Нур-Султандан Украинага жөнөтүлдү. Казакстандагы украин элчиси Петр Врублевский дары-дармек жана башка керектүү каражаттар жүктөлгөн эки фура 10 күндөн кийин Украинга жетерин айтты. Ал Украинага көмөк көрсөтүү акциясына өтө көп адам салым кошконун айтып, казак элине ыраазычылык билдирди.
Элчиликтин маалыматына караганда, бул Казакстандын Орусиянын кол салуусуна туш болгон Украинага кара жол менен жөнөткөн алгачкы гуманитардык жардамы. Буга чейин 25 тоннадай жүк учак менен Украинага жеткирилген.
Жүк унаалары Орусияны айланып өтүп, Азербайжан, Түркия, Грузия, Болгария, Румыния аркылуу Украинанын Киев облусуна жеткирилет.
Элчинин айтымында, 14-мартта Алматыдан Польшанын борбору Варшавага да авиакаттам менен гуманитардык жүк жеткирүү пландалып жатат.
Ыктыярчылардын бири Рахымбек Абдирахмановдун айтымында, гуманитардык акцияга Петропавл, Чыгыш Казакстан, Караганды, Актау, Атырау, Кызылорда, Алматы жана башка аймактардын тургундары, мындан тышкары Кытайдагы, Орусиядагы жана Беларустагы казакстандыктар катышкан. Ушул күнгө карата Казакстан боюнча украин элине 150 миллион теңге (288 миң доллардан ашык) чогултулду.
"Башында көйгөйлөр болду, таңгактарга наклейка чаптоого уруксат беришкен жок. Бирок азыр мамлекет бизди кубаттап жатат деп ойлойм, бизге тоскоол болгон жок, ал түгүл айрым жерден жардам берүүдө", - деди Рахымбек Абдирахманов.
Апта башында казак президенти Касым-Жомарт Токаев Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Казакстан Украинага дары-дармек сыяктуу гуманитардык жардам жөнөтүүгө даяр экенин айткан.