Улуттар уюму Орусиянын кол салуусу башталган эки жумадан бери Украинадан 2,3 миллиондон көп киши качканын билдирди. Соңку 24 саатта эле 161 миң 700 киши чет өлкөгө агылды. Качкындар боюнча жогорку комиссариат 10-мартта тараткан маалыматта айтылгандай, агенттик чукул иштер үчүн 500 миллион долларга муктаж. Азыркыга чейин 300 миллиондой доллар чогутулду, анын көбү жеке адамдардан же уюмдардан түштү.
Улуттар уюмунун Миграция боюнча агенттиги Украинадан үчүнчү өлкөлөрдүн 109 миң жараны да жер которгонун кошумчалады. Бозгундардын басымдуусу – 1,4 миллиндой киши кошуна Польшага агылды. Ал өлкөнүн Чек ара кызматы 10-мартта алдыңкы күнү 117 миң 600 киши киргенин билдирди.
Качкындардын агымы жакынкы күндөрдө басаңдай турганы байкалбайт.
214 миңдей украиналык Венгрияга, 160 миңге жакыны Словакияга, 84 жарым миңден ашууну Румынияга, 83 миңи Молдовага барган. Миңдегени башка өлкөлөрдөн башпаанек тапты.
БУУ Орусияда 97 миң украиналык качкын бар экенин маалымдады.
Украинанын Улуттук банкы орусиялык МИР төлөм карталары менен ар кандай транзакцияларды жүргүзүүнү токтотууга чакырды. Кайрылуу Кыргызстандын, Армениянын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркиянын жана Вьетнамдын Улуттук банктарына жөнөтүлдү.
Атап айтканда, Украинанын Улуттук банкы МИР карталарын банкоматтарда жана POS-терминал тармактарында тейлөөнү токтотууга, бул карталар менен электрондук соода кылбоого жана P2P акча которууларда колдонууга мүмкүн кылбай коюуга үндөдү.
"Улуттук банк Орусиянын каржы секторуна каршы бардык мүмкүн болгон санкцияларды мобилизациялоого умтулат", - деген Украинанын улуттук банкынын төрагасы Кирилл Шевченко.
БУУнун маалыматында Украинадан качкандардын саны 2,3 млн. адамга жетти. Анын миллиону балдар.
"Биз бүгүн Украинаны коргоп жаткан эркектердин балдарына, жубайларына жана ата-энесине кам көрүшүбүз керек. Мен качкындар тууралуу айтып жатам, алар жакшы жашоо издеп эмес, өмүрүн сактап калуу үчүн качып жатышат. Биз муну эстен чыгарбашыбыз керек", - деди Чехиянын премьер-министри Петр Фиала.
Телеграм каналдар Харьковдогу физика-техникалык институттагы өрттүн видеосун жарыялашты. Күйүп аткан имарат Украинадагы ири жана эски илимий борборлордун бири болчу. Ал жердеги жабдыктардын бузулушу айлана-чөйрөнү радиациялык жактан булганууга алып келет. Орусиялык аскерлер Харьковду күн сайын аткылап жатат.