Кытай орусиялык компаниялардын учактарына тетик жеткирүүдөн баш тартты
Бул тууралуу РБК басылмасы Росавиациянын өкүлүнө таянып маалымдады. Ага чейин АКШ жана Евробиримдик орус авиакомпанияларына аба мейкиндигин жапкан. Airbus жана Boeing компаниялары орусиялык учактарды тейлөөдөн жана тетик жеткирүүдөн, айрымдар учактарды лизингге берүүдөн баш тарткан болчу.
АКШнын вице-президенти Камала Харрис Орусия Украинада “акылга сыйбаган масштабдагы кыргын салып жатат” деп айыптады. Москванын баскынчылыгына байланышкан согуш кылмыштарын эл аралык деңгээлде иликтөөгө чакырды.
10-мартта Варшавадагы сапары учурунда Харрис курчоодо калган Мариуполь шаарында орус аскерлеринин төрөтканага сокку урганы катуу кыжырдануу жаратканын айтты.
“Сөзсүз иликтөө жүрүшү керек, барыбыз байкоо салууга тийишпиз. Дүйнө Орусиянын агрессиясын жана мыкаачылыгын көз жаздымда калтырбайт”, - деп билдирди вице-президент.
Украиналык миллиондой качкынды кабыл алган Польшанын лидери Анжей Дуда Харристин пикирине кошуларын, “Орусия Украинада согуш кылмыштарын жасап жатканы айдан-ачык экенин” айтты.
“Кош бойлуу аялдар, балдар курман болууда. Бейкүнөө адамдарды өлтүрсөңөр, эл жашаган жерлерге бомба таштап, аткыласаңар, муну тукум куруттун белгилери бар варварчылык деп атаса болот, - деди Дуда.
Британия “Челси” футбол клубунун ээси Роман Абрамовичке, олигарх Олег Дерипаска жана орусиялык бир катар белгилүү бизнесмендер менен мамлекеттик компаниялардын жетекчилерине санкция салды.
"Кара тизме" британ өкмөтүнүн сайтына чыкканын “Свобода” радиосу маалымдады. Санкцияларга илингендердин арасында "Роснефть", "Газпром", "Транснефть» ишканаларынын, эки банктын башчылары бар. Ошол 7 кишинин жалпы байлыгы 20 миллиард долларга жетерин Reuters агенттиги билдирди.
Санкцияларга кабылгандар Британиянын аймагына кире алышпайт, активдеринен пайдаланууга болбойт.
Би-Би-Синин журналисти Саймон Стоун "Челси" клубунун дүкөндөрү жабылып, оюндарына билеттер сатылбай калганын "Твиттерге" жазды. Оюнчулар менен келишимдерди узартууга, жаңы футболчуларды тартууга же башка клубдарга жиберүүгө тыюу салынды.
Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленскийдин экономика боюнча кеңешчиси Олег Устенко Орусиянын 15 күндөн берки чабуулу инфраструктурага, имараттарга, башка мүлктөргө 100 миллиард доллар чыгым алып келгенин билдирди.
Бейшембиде эл аралык онлайн конференцияга катышкан Устенко өлкөдөгү бизнестин жарымы согуштан улам жабылганын, калгандары толук кандуу иштебегенин айтып, Орусияга көбүрөөк финансылык санкция салууга, мунай менен газга толук эмбарго киргизүүгө чакырды.