Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:14
Сумы шаары. 17-ноябрь, 2024-жыл
Сумы шаары. 17-ноябрь, 2024-жыл

Түз ободо Сумыда каза тапкандардын саны 11ге жетти

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

15:10 10.3.2022

Түркиянын Анталия шаарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун катышуусу менен Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусу башталды. Жолугушуудан кийин басма сөз жыйыны өтөт деп күтүлүүдө.

15:49 10.3.2022
Мариуполь шаарындагы төрөткана соккудан кийин. 9-март 2022-жыл.
Мариуполь шаарындагы төрөткана соккудан кийин. 9-март 2022-жыл.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогору комиссариаты Орусия кол салгандан бери Украинада жайкын тургундардан 516 киши набыт болуп, 908и жараат алганын билдирди.

Уюмдун маалыматына ылайык, каза тапкандардын 98и эркек кишилер, 60ы аялдар, тогузу эркек балдар, бешөө кичинекей кыздар, 23 наристенин жана 321 чоң кишинин өздүгүн аныктоого мүмкүн боло элек. Көп киши Донецк жана Луганск облустарында жабыркаган. Карапайым тургундар негизинен артиллериянын аткылоосунан, реактивдүү системалардан, ракеталардан жана абадан урулган соккулардан жапа чегүүдө.

Жогорку комиссариат чыныгы сандар мындан алда канча жогору болушу мүмкүн деп белгилейт. Салгылашуулардан улам маалымат кеч түшүп, көп учурларды текшерүү зарыл болуп жатат. Волноваха, Мариуполь жана Изюм шаарларынан маалыматтар бул статистикага камтылган эмес. Ал аймактарда болжол менен жүздөгөн жайкын тургун жабыркады.

17:16 10.3.2022

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба орус тышкы мекемесинин башчысы Сергей Лавров менен кездешүүдө ок атууну токтотуу жаатында жылыш болбогонун билдирди.

Анталиядагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Кулеба Лавров орус аскерлери курчоого алган Мариуполь шаарынан элди чыгаруу үчүн гуманитардык коридор түзүлөт деген милдеттенме албаганын айтты.

Министр Киев согушту токтотуу үчүн Москва менен байланышты уланта берерин кошумчалады.

Сергей Лавров Орусиянын сүйлөшүүлөрдү улантуу ниети бар экенин, Беларус менен чек ара аймагында өткөн буга чейин жолугушуулардын үчүнчү айлампасында жылыш болгонун белгиледи.

Анын айтымында, Москва каршы тарапка жаңжалды токтотуу боюнча сунуштарды берди, Киевден жооп күтүп жатат. Кулеба ал сунуштарды толук капитуляция талабы катары сыпаттады.

10-мартта Анталияда өткөн үч тараптуу сүйлөшүүгө түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да катышты.

17:36 10.3.2022

Орус бийлиги согушка каршы митингдерге чыккан миңдеген жаранды кармап, Орусиянын Украинага каршы согуш ачканына нааразыларды куугунтуктап жатат.

"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму орусиялык полицияны “ашыкча күч” колдонгону үчүн айыптады. Айрым учурларда кармалгандар “кыйноолорго тете, адамдын ар-намысын кемсинткен ырайымсыз мамилеге” туш болгону айтылат.

“Күч түзүмдөрүнүн зомбулугу орус бийлигинин башкача ой жүгүрткөндөрдүн үнүн басуу, коркутуу үчүн эмнелерге даяр экенин көргөзөт”, - деп белгиледи HRW.

OVD-Info уюмунун маалыматына ылайык, 6-марттагы нааразылык акциялар маалында Орусиянын 69 шаарында 5 миңдей киши кармалган. 8-мартта полиция тынч акцияларга катышкан ондогон кишини кармап кетти.

Уюм белгилегендей, Орусия кошуна өлкөгө кол салган 24-февралдан бери бийлик Кремлдин расмий формулировкасынан күмөн санагандарга каршы чараларын күчөттү. Эркин маалымат каражаттары жабылды. Согушту токтотуу чакырыгы үчүн кылмыш жообуна тартууну караган жобо киргизилди, нааразылык акцияларына чыккандар бутага алынууда.

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, OVD-Info 6-мартта полиция бери дегенде 34 кишини уруп-сабаган учурду каттаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG