Украинада 9-мартта болгон окуялардын айрымдары:
- Орусиялык аткылоодон Мариуполдогу балдар ооруканасы жана төрөт үйү талкаланып, 17 киши жабыркады.
- Харьковдо өткөн жылы курулган "Никольский" соода үйү, Житомирде эл жашаган үй бузулду.
- Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согушка аскерге чакырылган жоокерлер жиберилгенин моюнга алды.
- Евробиримдик орус парламентинин жогорку палатасынын 146 мүчөсүнө, 14 олигархка жана алардын үй-бүлөсүнө санкция салды.
- Amazon Орусияга жана Беларуска товар жеткирүүнү токтотту.
- 10-мартта Түркияда Орусиянын жана Украинанын тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүсү башталды.
АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен украин шаарларынын орус армия тарабынан блокадага алынышын фашисттердин Ленинградды блокадага алганына салыштырды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги уюштурган акысыз учак 16-мартта Польшадан Бишкекке учуп келет. Бул тууралуу Украинадагы Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркулов билдирди.
Кадыркулов мындан улам Украинанын аймагындагы кыргызстандыктарды Львов шаары аркылуу Польшага өтүп кетүүгө чакырды.
"16- мартта Польшадан Тышкы иштер министрлиги уюштурган акыркы бекер учак учат, ошондуктан бардыгыңыздарды Львов шаары аркылуу Польшага өтүп кетүүнү сунуштоо менен бирге, Украинанын аймагынан чыгып кетүү керек экендигин баса белгилейбиз", - деп айтылат билдирүүдө.
Элчинин айтымында, кыргызстандыктар Львов шаарына бекер эвакуациялык поезд, же такси жана автобустар менен келсе болот.
Орусия Украинада согуш баштаган 24-февралдан бери бул өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгондор 2 миллиондон ашты. Кыргызстандын Украинадагы элчилиги бул күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Элчилик ошол жактагы кыргыз жарандары менен байланыш түзүп, эвакуация иштерин жүргүзүүдө.
Орусия эки жума мурда Украинага басып киргенден бери 18 медициналык жайды бутага алды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 9-мартта Мариупол шаарында орус аскерлеринин аба соккусунан төрөткана талкалангандан кийин билдирди. Украин расмий өкүлдөрү бомбалоодон бери дегенде 17 киши жарадар болгонун маалымдады.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ооруканаларга, тез жардам машинелерине болгон чабуулдардан 10 киши каза тапканы тастыкталганын белгиледи.
Мариуполдун шаар полициясынын жогорку өкүлү Владимир Никулин урандылардын жанында туруп, “Орусия бүгүн ири согуш кылмышына барды. Бул согуш кылмышын актоого болбойт” деп айтты. Украинанын президенти Владимир Зеленский соккуну "жырткычтык" деп атап, урандылардын астында адамдар калганын айткан.
Ал арада Житомирдин мэри шаарга түшкөн бомбалар эки ооруканага тийгенин, бири балдар клиникасы экенин Фейсбукка жазды. Мэр эч ким жараат албаганын кошумчалады.
Ооруканага сокку урууну Вашингтон, Лондон, Ватикан баш болгон эл аралык коомчулук катуу айыпташты. Британ премьер-министри Борис Жонсон орус президенти Владимир Путин “үрөй учурган кылмыштары үчүн жоопко тартыларын” Твиттерге жазды.