Украинада орус аскерлеринин аткылоосуна, бомбалоолорго туш болгон, курчоодо калган карапайым элди эвакуациялоо аракети уланууда.
9-мартта эртең менен Орусия жергиликтүү саат 10дон баштап элдин Киев, Чернигов, Сумы, Харьков жана Мариуполдон чыгып кетиши үчүн ок атпоо режимин сактарын билдирген. Бирок расмий маалыматтарга караганда, согуш зонасынан көчүрүү иши айрым жерлерде үзгүлтүккө учурады. Сумы шаарынан гана коопсуз коридор түзүлгөнү тастыкталды. Мариуполдун тургундарын эвакуациялоо мүмкүн болуп-болбогону белгисиз.
Бир күн мурдараак атышпоо режими бузулуп, эвакуациялоо аракетинен майнап чыккан эмес.
"Кызыл Чырым" эл аралык уюму Кара деңиздин боюнда жайгашкан шаардагы абалды “апаат” деп сыпаттоодо.
Ирпень шаарынын тургуну 8-мартта коридор аркылуу чыгууга аракеттенгенде аткылоого туш болгонун, апасы жана дагы бир нече киши окко учканын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтып берди. Людмила Куницканын айтымында, алардын машинелеринде “балдар” деген жазуу болгонуна карабай, орус аскерлери ок чыгарган.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согушка милдеттүү аскер кызматын өтөп жаткан жоокерлер тартылганын моюнга алды. Министрликтин расмий өкүлү Игорь Конашенков шаршембиде "айрым бөлүктөрдө" ошондой аскерлер "бар болуп чыкканын" билдирип, алар украин жергесинен чыгарылганын кошумчалады.
Буга чейин орус расмийлери согуштук аракеттерге куралдуу күчтөргө келишимдик негизде келген аскер кызматкерлери гана катышып жатканын айтып келген.
Орус армиясы ошондой эле айрым аскерлерин Украинада туткунга алышканын биринчи жолу ачык айтты. Мурда андай маалыматтар комментарийсиз калып же бийлик төгүндөп келген. Бирок канча аскер туткунга түшкөнү такталган жок. Министрлик аларды бошотуу жана милдеттүү кызмат өтөгөн жоокерлерди согушка тартпоо үчүн чаралар көрүлүп жатканына ишендирди.
Орусия Украинага басып киргенден кийин Жоокерлердин энелери комитети кошуна өлкө менен чек арага армияга чакырылган жаш аскерлер жөнөтүлгөнүн, айрымдарына күч менен келишимге кол койдуруп алышканын билдиришкен.
7-марта Украинанын ички министринин кеңешчиси Антон Геращенко орусиялык 2 миң аскер туткунга алынганын айткан. Бирок бул маалыматты көз каранды эмес булактар тарабынан ырастоо мүмкүн эмес. Касташкан тараптар адатта өз жоготууларын азайтып, каршылаштарыныкын көбөйтүп беришет.
Украинада орус аскерлеринин аткылоосуна, бомбалоолорго туш болгон, курчоодо калган карапайым элди эвакуациялоо аракети уланууда. 9-мартта эртең менен Орусия жергиликтүү саат 10дон баштап элдин Киев, Чернигов, Сумы, Харьков жана Мариуполдон чыгып кетиши үчүн ок атпоо режимин сактарын билдирген. Бирок расмий маалыматтарга караганда, согуш зонасынан көчүрүү иши айрым жерлерде үзгүлтүккө учурады. Сумы шаарынан гана коопсуз коридор түзүлгөнү тастыкталды. Мариуполдун тургундарын эвакуациялоо мүмкүн болгон-болбогону белгисиз.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Мариуполдогу төрөткананын бомбаланышы тууралуу:
"Биз Орусиянын Донецк облусунун жашоочуларына мамилесин көрдүк. Биз украиналыктар жер жүзүндөгү бир дагы шаарды талкаламак эмеспиз, анткени биз, адамбыз".