Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:38
Сумы шаары. 17-ноябрь, 2024-жыл
Сумы шаары. 17-ноябрь, 2024-жыл

Түз ободо Сумыда каза тапкандардын саны 11ге жетти

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

18:21 9.3.2022

Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяларда калыс позицияны карманат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров парламентте кайрылуу жасап жатып билдирди.

"Бүгүнкү күндө Орусия менен Украинанын ортосундагы болуп жаткан окуялардын кесепети дээрлик бардык мамлекеттерге терс таасир этип жатканын көрүп жатабыз. Кыскасы, дүйнөлүк деңгээлде соода-экономикалык, коопсуздук, алака-катыш жана башка чөйрөлөрдө абал кыйын. Айрыкча акыркы күндөрү эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп баратат, буга баам салып байкап турасыздар. Албетте биз кичинекей эле өлкөбүз, согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт, ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек".

Президент доллардын куну көтөрүлүп, күйүүчү майдын, азык-түлүктүн баасы кымбаттап баратканын, мындай абалда амбицияларды артка калтырууга, негизсиз сын пикирден карманууга чакырды.

20:26 9.3.2022

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусияны ок атууну токтотуп, Чернобыл атомдук станциясында оңдоо иштерин жүргүзүүгө шарт түзүүгө чакырды. Киев анын алдында станцияда электр энергиясы өчүрүлгөнүн, радиактивдүү заттардын айлана-чөйрөгө чыгып кетүү коркунучу тууралуу Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикти (МАГАТЭ) кабардар кылган.

Агенттиктин жетекчиси АЭСти электр энергиясыз калтыруу коопсуздукту камсыздоонун негизги принцибин бузарын белгиледи. Ошол эле маалда өзөктүк отунду муздатып туруу үчүн суу жетиштүү экенин айтты.

Украинанын Улуттук энергокомпаниясы станцияны электр энергиясы менен камсыздоо үзгүлтүккө учураганын билдирген. Маалыматка караганда, АЭСте 20 тоннадай өзөктүк калдык муздатылып турууга тийиш.

Станцияны орус куралдуу күчтөрү басып алган.

Буга чейин Украина Орусия кол салган 24-февралдан бери АЭСте 210 киши тынбай иштеп жатканын айтып, МАГАТЭден кызматкерлерди алмаштырууну өтүнгөн.

Украин өкүлдөрү станцияда суу, тамак-аш, дары-дармек тартыш деп айтышууда. Кызматкерлер менен байланышуу электрондук почта аркылуу гана мүмкүн. Дүйнөлүк агенттик станцияга мониторинг кылуу системасынан маалымат түшпөй калганын белгиледи. Марттын башында орус армиясынын колуна Запорожье атомдук станциясы да өткөн.

23:26 9.3.2022

Украина орус куралдуу күчтөрү Мариуполдогу балдар ооруканасын бомбалады деп айыптады. Шаар кеңеши маалымдагандай, медициналык мекеме талкаланган, бирок каза тапкандардын, жабыркагандардын саны азырынча белгисиз.

«Орусиянын баскынчы күчтөрү балдардын ооруканасына бир нече бомба таштап, эбегейсиз кыйроого алып келди», - деп билдирди кеңеш.

Орусия кол салгандан бери оорукана иштеп жатканбы же жокпу айтыла элек.

Социалдык тармактарга чыккан сүрөттөрдө имараттын таш-талканы чыкканы көрүнүп турат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский урандылардын алдында адамдар калган болушу ыктымалдыгын билдирди жана бомбалоону «жырткычтык» деп атады.

Орусиянын Коргоо министрлиги оорукананы бомбалоо тууралуу маалыматка комментарий берген жок. Москва жарандык объектилерге сокку урбаганын айтып келатат. Ошол эле маалда турак жайлардын, мектептердин кыйраганы тууралуу кабарлар чыгууда. БУУнун соңку маалыматына карагана, Орусия басып кирген 24-февралдан бери Украинада бери дегенде 1424 карапайым киши каза тапты же жарадар болду.

Мариупол бир нече күндөн бери орус аскерлеринин жана өзүн "Донецк элдик жумурият" деп атаган аймактын күчтөрүнүн блокадасында калды. Шаардагы гуманитардык абал өтө оор экени кабарланып жатат.

00:46 10.3.2022

Орусия Украинадагы бийликти кулатууну максат кылбайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова шаршембидеги брифингде билдирди. Согуштун башында президент Владимир Путин украин аскерлерин төңкөрүш уюштурууга чакырган. Өлкөнүн легитимдүү жетекчилигин ошондо "баңгилердин жана неоулутчулдардын шайкасы" деп атаган.

Захарованын айтымында, согуш Донбасcтагы орусиячыл жикчилерди коргоону, Украинанын "демилитаризациясын" жана "ашынган улутчулдардан арылышын", Орусияга болгон аскердик коркунучту жоюуну көздөйт. Москва кол салардан бир күн мурун Украина чыгышындагы жикчил аймактарды "көз каранды эмес мамлекеттер" деп тааныган. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү "Орусиянын кошуна өлкөнү оккупациялоо же анын мамлекеттүүлүгүн талкалоо планы жок" деп айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG