Украинанын президенти Владимир Зеленский Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байденге орус мунайын импорттоого тыюу салган чечими үчүн ыраазычылык билдирип, бул кадам дүйнөгө таасирдүү белги болот деп эсептерин айтты.
"Жеке өзүмдүн атыман АКШнын президенти Байденге ыраазычылык айтам. Бул анын лидерлик сапаты. Мунайдын импортун тыюу - дүйнөгө күчтүү белги. Себеби Орусияга мунай үчүн берилген ар бир цент ок менен бомбага айланып, көз карандысыз башка өлкөлөргө бүлүк салууда", - деди Зеленский шейшембидеги видео кайрылуусунда.
Зеленский "Орусия эл аралык укукту сыйлап согушту токтотот же согушту улантууга акчасы жок калат", - деп Британиянын орус мунайын импорттого тыюу салган чечими үчүн ыраазычылык айтты.
АКШ 8-марта Орусиядан мунай импорттоону тыярын жарыялаган. Жо Байден бул чечим өз өлкөсү үчүн бир топ чыгымдарга жол ачарын, ошентсе да "эркиндикти сактоо чыгымга татырын" айтты. Ушул эле күнү Британия да орус мунайынан баш тарткан чечим чыгарды.
АКШ Польшага "Пэтриот" ракетасынын эки батареясын берет
АКШ Польшага НАТОнун өнөктөштөрүнө туулган коркунучтан коргонуу үчүн "Пэтриот" ракетасынын эки батареясын берет. Бул тууралуу CNNге АКШнын куралдуу күчтөрүнүн европалык башкармалыгы билдирди.
"Пэтриот" системасы жакынкы радиустан атылган жана канаттуу ракеталарды, аскердик авиацияны жок кылуу үчүн колдонулат.
Жарыяда бул эч кандай атайын операцияга колдонулбай турганы, коркунучту алдын алып, НАТОго мүчө өлкөлөрдүн "Бешинчи статьясына" ылайык коллективдүү коргонуу милдетин чыңдоо экени белгиленди.
"Биздин бардык кадамдарыбыз агрессияны токтотуу жана өнөктөштөргө ишеним берүүгө багытталган" деп белгиленген.
Украина менен Орусиянын элди эвакуациялоо боюнча макулдашылган гуманитардык коридорлору
Украинанын убактылуу оккупация болгон территориясын реинтеграциялоо боюнча министри Ирина Верещук орус тарап менен эртең менен саат 9дан кечки саат 9га чейин элди эвакуациялоо маалында ок атышпоо макулдашылганын кабарлады.
Анын сөзү боюнча учурда алты гуманитардык коридор түзүлүүдө.
Энергодар – Запорожье.
Сумы – Полтава.
Мариупол – Запорожье.
Волноваха – Покровск.
Изюм – Лозовая.
Буча, Ворзел, Ирпень. Бородянка, Гостомел – Киев.
Верещук "Ворзел коридоруна өзүнчө токтолгум келет. Андагы "Малятка" балдар үйүндө 55 бала жана 26 кызматчы бар. Бул өзүнчө операция. Биз Орусия Федерациясынан милдеттемени так аткарууга чакырабыз", - деп кошумчалады.
Эвакуация тууралуу билдирүү "Кызыл чырым" уюмуна жөнөтүлдү.
Москванын Украинага кол салуусуна байланыштуу McDonald's компаниясы Орусиядагы тез тамактануучу 850 ресторандарынын баарын убактылуу жапканын жарыялады. Мекеме түйүндө иштеген 62 миңдей кызматкер маянасын алууну улантып турарын, ишин кайра качан улантары белгисиз экенин кабарлады.
McDonald's компаниясына таандык биринчи ресторан Москвада мындан 32 жыл илгери, 1990-жылдын январында ачылган. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы – "Свобода" радиосу даярдаган сүрөт баяндама: