Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:45
Сумы шаары. 17-ноябрь, 2024-жыл
Сумы шаары. 17-ноябрь, 2024-жыл

Түз ободо Сумыда каза тапкандардын саны 11ге жетти

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

16:49 8.3.2022

Орусия Украинанын бир катар шаарындагы карапайым элдин эвакуациясына жол берүү үчүн гуманитардык коридорлорду түздү. Орус Коргоо министрлиги 8-мартта Москва убактысы боюнча саат 10дон баштап, Киев, Чернигов, Сум, Харьков жана Мариуполдон коридор ачканын билдирди.

Орусия чек арасынан 350 чакырым алыстагы Сум шаары орус армиясынын катуу бомбалоосуна туш болду. Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы билдиргенине караганда, кеминде тогуз киши каза тапты. Арасында эки бала бар.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук Орусия менен макулдашуу Сумы шаарында калган жашоочуларды чыгарууга мүмкүнчүлүк берерин бышыктады. Бирок эл кайсы жерге эвакуацияланары айтылган жок.

7-мартта тараптардын тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы өтүп, украин расмий өкүлдөрү коопсуздук коридорлорун түзүү жаатында жылыш барын айткан.

Сумдан жай тургундарды эвакуациялоо

20:26 8.3.2022

Орусия Украинанын бир катар шаарларын, анын ичинде Киевден жай тургундарды эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридорлорду ачканын билдирди.

Бирок Киев Москванын бул убадасына ишенбей турат. Анткени Орусия гуманитардык коридорду Беларуска карай ачканы Украинаны канааттандырбай жатканы кабарланды.

20:27 8.3.2022

Украинанын Коргоо министрлигинин башкы чалгындоо башкармалыгы Харьковдун жанындагы салгылашууларда орус армиясынын генерал-майору Виталий Герасимов окко учканын билдирди.

Маалыматка караганда, генерал Орусиянын Борбордук аскердик округунун командачысынын биринчи орун басары жана штаб жетекчиси болчу. Герасимов Чеченстандагы экинчи согушка жана Сириядагы, Крымдын аннексиясы боюнча операцияларга катышкан.

Иликтөөчү-журналист Христо Грозев генералдын каза болгонун орус аскерлеринин өз ара сүйлөшүүлөрү да тастыктай турганын билдирди. Бирок тасма анын колуна кандайча түшкөнү жана чын-бышыгы тастыкталганын жазган эмес.

20:28 8.3.2022

Дүйнөдөгү эң ири мунай жана газ компанияларынын бири Shell орус мунайы менен газын сатып алуудан баш тартып, Орусиядагы долбоорлордон чыгуу чечимин кабыл алды. Мындай чара Москванын кошуна өлкөгө кол салгандыгы үчүн көрүлүүдө. 8-марттагы билдирүүдө айтылгандай, компания адегенде чийки мунайды сатып алууну токтотот, буга чейин түзүлгөн келишимдер узартылбайт.

Shell Орусиядагы бардык май куюучу жайларын жабат, авиациялык отун жана майлоочу материадарды чыгарбайт. Компания бара-бара орусиялык мунай продуктылардан жана жаратылыш газын алуудан баш тартууну караштырууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG