Путин: Украинада аскерге чакырылгандар жана резервдегилер да жок
Путин 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата видео кайрылуусунда Орусиянын Украинадагы "аскердик операциясына" аскерге чакырылгандар да, резервдегилер да катышпай турганын билдирди.
"Куралдуу кагылышка жоокерлер да, резервдегилер да катышпайт. Берилген тапшырманы кесипкөй аскерлер гана аткарат", - деди ал.
Ага чейин орусиялык сенатор Людмила Нарусова Украинага Орусиянын аскер жетекчилиги жаш жоокерлерди Украинага келишимге кол коюуга мажбурлап же алар үчүн жашыруун кол коюп жиберип жатышканын айтып чыккан. Украиналык "Жакыныңды изде" сайтында колго түшкөн орус жоокерлеринин маектери чыгууда.
YouTube видеохостинги орусиялык алып баруучу Владимир Соловьёвдун "Соловьёв Live" жана "Владимир Соловьёв менен жекшембинин кечи" берүүсүнүн каналдарын өчүрдү.
Теле алып баруучу муну "согуш жарыялоо" катары атып, YouTube порталын Орусияда көргөзбөөгө чакырды. Ошону менен бирге ал өз шоусун батыш видеохостингине жарыялап, соцтармактарга түз эфирде чыга бере турганын айтты.
YouTube буга чейин орусиялык Russia Today сетине караштуу бир канча каналды жапкан. Февралдын аягында анын жетекчиси Маргарита Симоньян Владимир Соловьёв сыяктуу эле Евробиримдиктин санкциясына илинген.
АКШда Орусиядан мунай импортуна тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору даярдалды. Анда “нормалдуу соода мамилесин” токтотуу дагы каралган.
“Орусия украиналыктарга чабуулун улантып жаткан учурда биз Орусиянын энергетикалык өндүрүмүнүн импортуна жана Орусия, Беларус менен нормалдуу соода мамилесин мыйзам жолу менен токтотууну сүйлөштүк”, - деп айтылат мыйзам чыгаруучулардын билдирүүсүндө.
Мыйзам долбоорун Конгресстеги республикачыл жана демократиялык партиянын лидерлери колдойт. Мыйзам долбоору жакын арада каралаары күтүлүүдө жана колдоо тапса кол коюу үчүн президент Жо Байденге жөнөтүлөт. Президент АКШда күйүүчү майдын кымбаттап кетишинен чочулап, бул боюнча пикирин билдире элек. Өлкөдө колдонулган нефтинин 7% Орусиядан импорттолот. Жекшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Тони Блинкен Ак үй орусиялык мунай импортуна тыюу салуу мүмкүндүгү каралып жатканын билдирген.
Орусия жана Беларус менен “нормалдуу соода мамилеси” макамы токтотулган учурда бул өлкөнүн товарларына бажы төлөмү 30% өсөт. Учурда төлөм 3% түзөт. АКШга Орусиядан негизинен мунай, металл импорттолот. Мындай чаралар Орусиянын Украинага басып киришине жооп катары көрүлүүдө.
Казакстан Украинага медициналык жана башка гуманитардык жардам жөнөтүүгө даяр. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда билдиргенин Аккордо кабарлады.
“Казакстан Украинанын жарандарына гуманитардык жардам катары медикаменттерди жана башка керектүү азыктарды жөнөтүүгө даяр. Учурда аны жөнөтүү үчүн транспорттук варианттар каралып жатат”, - деп айтылат билдирүүдө.
Аккордо Токаев телефон сүйлөшүүдө Украинадагы кырдаалды дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырганын кабарлады.
“Касым-Жомарт Токаев бардык мамлекет Бириккен Улуттар Уюмунун жобосунун нормаларын жана принциптерин катуу карманышы керектигин билдирди. Президент украин кризиси өтө татаал экенин, жаңжалды чечүүдө жаңы дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдү издөө керек деп эсептейт”, - деп айтылат.