Орусияда "Азаттыктын" орус кызматы - "Свобода" радиосу Кремлдин басымынан улам ишин токтотконун жарыялады.
"Свобода" Орусияда 1991-жылдан бери иштеп келген. Москвадагы бюро Орусиянын биринчи президенти Борис Ельциндин чакыруусу менен негизделген.
Редакция азыр чет мамлекетте туруп ишин улантууну пландап жатат.
Орусияда бүгүн, 6-мартта Украинадагы согушка каршы акция өтүп жатат.
Митингдин катышуучуларын күч органдары кармап жатканы кабарланды.
Акцияга катышууга Алексей Навальныйдын командасы чакырууда.
Украинадагы согушка байланыштуу дүйнөлүк Visa жана Mastercard төлөм системалары орус банктары менен ишин токтотууда. Эми бул системалардагы орусиялык карталар чет мамлекетте иштебейт, чет элдик карталарды да Орусияда иштетүүгө мүмкүн болбой калат.
Буга чейин American Express төлөм системалары орусиялык банктар менен кызматташтыгын токтоткон. Жергиликтүү банктардын төлөмдөрү Орусиянын өзүндө улуттук система менен камсыздалары айтылды.
Казакстандын Алматы шаарында 6-март күнү Украинадагы согушка, Орусиянын агрессиясына каршы митинг уюштурулду.
“Азаттыктын” кабарчысы окуя болгон жерден маалымдагандай, "Сарыарка" кинотеатрынын артындагы сейил бакка жүздөгөн адам чогулду. Алар Украинанын желегин көтөрүп, “Жашасын, Украина!", ""Согушка жол жок!", "Путин, Гаага, түрмө!" - деп кыйкырып турушту.
Сөзгө чыккандар "Украинада болуп жаткан окуялар эртең Казакстанда да болуп кетиши мүмкүндүгүн” айтышты.