Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөгө аскердик абал режимин киргизүү жана жалпы улуттук мобилизация жарыялоо планы жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал 8-март аялдардын майрамына карата орусиялык авиакомпаниялардын кызматкерлери менен жолугуп жатып билдирди.
“Аскердик абал өлкөгө сырттан агрессия жасалган учурда гана киргизилет. Бирок бизде андай учур жок, мындан ары да болбойт деп үмүт кылам”, - деди Путин.
Мунун алдында социалдык түйүндөрдүн орус сегментинде “Орусияда аскердик абал киргизилиши мүмкүн” деген маалыматтар тарап жаткан.
Учкуч аялдар менен жолугушууда Владимир Путин Украинага басып киргенден кийин Орусияга каршы кабыл алынган санкциялар “согушка айыптоо” менен бирдей экенин маалымдады. Ал Украинанын үстүндө учуусуз зона киргизүү идеясын айыптап, мындай аракеттер “согуштук жаңжалга аралашуу катары” кабылданарын кошумчалады.
Орусиянын Росавиация мамлекеттик мекемеси атамекендик авикомпанияларга 6-марттан баштап бардык чет элдик каттамдарды токтото турууну сунуштады. Бул тууралуу "Интерфакс" маалымат агенттиги жазды.
Мындай сунуш негизинен учактары чет элдик компаниялар менен лизинг келишимине алынган компанияларга берилди. Соңку санкциялардан кийин орусиялык авикомпанияларга лизингге алынган транспорттору чет бир нече мамлекеттерде камакка алынган эле.
Ишемби күнү "Аэрофлот" жана “Победа” авиакомпаниялары 8-марттан тартып Беларустан башка мамлекеттерге учууларын токтоторун жарыялады. Ага чейин S7 Airlines жана Smartavia авиакомпанииялары бардык эл аралык каттамдарын, анын ичинде Кыргызстанга болгон учууларын токтоткон.
Авиакаттамдарды токтотууга Европа мамлекеттеринин аба мейкиндиктерин жабуусу жана Евробиримдиги менен АКШ баштаган мамлекеттердин санкциялары себеп болду. Санкциялар орусиялык авиакомпанияларга учактарды, аларга тетиктерди жана жабдууларды сатууга тыюу салат. Мындан сырткары учактарга ээлик кылган компаниялар орусиялык компаниялардан лизингге берилген транспортторду кайтарууну талап кылып жатат.
Италиянын бийлиги Евробиримдиктин санкциясына илинген орусиялык бизнесмен Алишер Усманов менен теле алпаруучу Владимир Соловьевдун мүлкүн камакка алды.
La Repubblica гезитинин маалымдашынча кеп Соловьевдун Комо көлүндөгү эки вилласы, Усмановдун Сардиниядагы вилласы тууралуу болуп жатат. Ага чейин "Северстал" компаниясынын жетекчиси Алексей Мордашевдин жана Volga Group компаниясынын жетекчиси Геннадий Тимченконун яхталары, Мамдуманын депутаты Олег Савченконун Тосканадагы вилласы камакка алынган.
3-мартта Германиянын бийлиги Алишер Усмановдун Гамбургдагы 156-метрлик яхтасын камакка алган. "Дилбар" яхтасынын баасы 600 млн. долларга бааланууда. Кайык Гамбургдагы Blohm+Voss заводунда өткөн жылдын октябрынан бери ремонттолуп жаткан.
Zara, Pull&Bear, Massimo Dutti, Berska сыяктуу белгилүү кийим-кече дүкөндөрүнүн тармактарына ээлик кылган Испаниянин Inditex компаниясы Орусиядагы 502 дүкөнү жабыла турганын билдирди.
"Бул өлкөдөгү инвестициянын жалпы көлөмү Inditex үчүн каржылык жактан маанилүү эмес", - деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.
Inditex мындай чечимди Орусия Украинага басып киргенден он күндөн соң кабыл алды.
Компанияда орусиялык 9000 кызматкер иштейт. Аларды колдоо боюнча атайын план иштелип чыгары айтылды.