Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:21
Украина, Киев. 2024-жылдын 17-ноябры. Орусиянын ракеталык чабуулу учурунда баласын ээрчиткен аял коопсуз жайга баратканы тартылган.
Украина, Киев. 2024-жылдын 17-ноябры. Орусиянын ракеталык чабуулу учурунда баласын ээрчиткен аял коопсуз жайга баратканы тартылган.

Түз ободо Орусия Украинага жапырт сокку урду. Энергетикалык жайларды бутага алды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

18:58 4.3.2022

БУУнун адам укугу боюнча кеңеши Орусиянын Украинага каршы согуш кылмыштарын иликтөө үчүн Эл аралык комиссия түзөт. Украинанын президенти Владимир Зеленский бул чечимди кубаттады.

21:42 4.3.2022

НАТО уюмуна мүчө өлкөлөр аскер күчтөрүн жана учактарын Украинага жөнөтпөйт. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг 4-мартта Брюсселде уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин олтурумунан кийин билдирди.

Ал уюм Орусия менен согушууга умтулбай турганын айтып, эгер НАТО Украинадагы конфликтке түздөн-түз аралашса анда мындай согуштун тобокелчилиги жараларын белгиледи.

Столтенберг НАТО Орусияны Украинанын аймагынан аскерлерин тез арада чыгарып кетүүгө жана сүйлөшүүлөрдү баштоого үндөй турганын, эгер Москва жаңжалдын украин чек арасынан чыгарса уюм өзүн коргой турганын кошумчалады.

Йенс Столтенберг Украинанын үстүндө учуусуз зона киргизүү маселеси Киев менен талкуулаганын ырастап, эгер ал кирсе орусиялык учактар жана ракеталар атып түшүрүлөрүн кошумчалады.

“Андай шартта кайра эле НАТО менен Орусиянын ортосунда согуш чыгаруу коркунучун күчөтөт”,- деп айтты уюмдун баш катчысы.

Украинага баштаган согуштук аракеттеринин алдында Орусиянын президенти Владимир Путин “эгер башка мамлекеттер бул конфликтке аралашса, өтө катуу жооп алышарын” эскерткен. Муну көпчүлүк Батыш өлкөлөрү муну атомдук бомба менен коркутуу катары кабыл алышкан. Учурда НАТОго мүчө мамлекеттер Киевге куралдануу жана каржылык жактан гана көмөк беришүүдө.

00:09 5.3.2022

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 4-мартта бир добуштан "Орус армиясы тууралуу фейк маалыматтар" боюнча мыйзамга толуктоолорду кабыл алды.

Кылмыш-жазык кодексине кирген жаңы берене боюнча орус армиясы тууралуу жалган же бурмаланган маалыматтарды тараткандар 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал эми кээ бир басылмалардын жана социалдык тармактардын сайттары бөгөттөлүп, ачылбай калды.

Мамлекеттик Думанын бул мыйзамына орус армиясынын азыркы абалы тууралуу фейк маалыматтарды тараткандарды 15 жылга чейин эркинен ажыратып, жазалоо киргизилди.

Бул тууралуу “Интерфакс” маалымат агенттиги кабарлады.

00:33 5.3.2022

Орусиянын Федерациялык Кеңешинин депутаты Людмила Нарусова 4-мартта палатанын жыйында орус аскерлеринин Украинадагы жоготуулары жөнүндө маселе көтөрдү. Ал согуштук аракеттерге аскерде милдеттүү кызмат өтөөгө чакырылгандар да тартылганын белгилеп, алар менен мажбур түрдө келишим түзүлүп жибергенин билдирди.

“Кечээ салгылаш жүрүп жаткан зоналардан милдеттүү кызмат өтөгөндөр чыгарылыптыр. Аларды келишимге кол коюуга мажбурлашыптыр же алар үчүн өздөрү эле кол коюп салышыптыр. Бирок жыйынтыгында 100 адамдык бир ротадан болгону 4 аскер аман калган учур катталыптыр”, - деди Людмила Нарусова.

Депутат өз сөзүндө Украинадагы орус аскерлеринин жоготуулары жөнүндө маалыматтар толук берилбей жатканын сынга алды. Ал милдеттүү кызмат өтөгөндөрдүн мындай операцияларга катышуусунун мыйзамдуулугу жөнүндө буга чейин эле маселе көтөргөнүн айтты.

Людмила Нарусова соңку маалыматты аскердик мекемеден алганын маалымдады. Орусиянын Коргоо министрлиги маалыматты ырастап же төгүндөй элек.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерде 498 жоокери каза болгонун, 1597и жаракат алганын 2-мартта моюнга алган. Мекеме андан бери каза болгон аскерлеринин саны тууралуу маалымат бере элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG