Тблисиде 4-мартта Украинадагы согушка каршы миңдеген адамдар митингге чыкты.
"Миңдеген грузиндер Владимир Зеленскийдин кайрылуусун карап турат. Ал "Көчөгө чыккыла, эгер Украина куласа, бүтүндөй Европа кулайт" деди.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңеши Орусиянын Украинадагы аскерий операциялары учурундагы кан төгүүнү айыптаган жана аларды иликтөө үчүн иликтөө комиссиясын түзгөн резолюцияны чечкиндүү түрдө колдоп добуш берди.
4-марттагы добуш берүүдө кеңештин 32 мүчөсү "макул", 13ү "калыс" болду. Орусия менен Эритрея гана каршы добуш берди.
Кеңештин Твиттердеги баракчасына "Адам укуктары боюнча кеңеш Орусиянын Украинадагы агрессиясын иликтөө боюнча көз карандысыз эл аралык комиссияны тез арада түзүүнү чечти", - деген билдирүү жарыяланды.
Добуш берүү алдында Украинанын БУУдагы элчиси Евгения Филипенко кеңешти “Орусиянын кылмыштарын документтештирүү, иликтөө жана күнөөлүүлөрдү аныктоо аркылуу жоопкерчиликти камсыз кылуу боюнча жалпы милдетти” унутпоого чакырды.
Орусия Украинага негизсиз басып кирүүдө карапайым калкты атайылап бутага алуу сыяктуу адам укуктарын бузууга жол бергенин четке какты.
Маалыматтарга караганда, Орусия Укринага басып кирген 24-февралдан 4-март аралыгында жүздөгөн адам өлүп, 1 млн. 200 миңден ашуун адам бозгун болду.
Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОну алсыздыкка жана биримдиктин жоктугуна айыптады. Мындай билдирүүнү НАТО Украинанын өтүнүчүнөн баш тартканына байланыштуу жума күнкү видео кайрылуусунда айтты.
НАТО уюмуна мүчө өлкөлөр аскер күчтөрүн жана учактарын Украинага жөнөтпөй турганын уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг 4-мартта билдирген. Ал Брюсселде уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин отурумунан кийин сүйлөгөн учурда уюм Орусия менен согушууга умтулбай турганын белгилеген. Эгер НАТО Украинадагы конфликтке түздөн-түз аралашса анда чоң согуш тобокелчилиги жараларын билдирген.
Столтенберг НАТО Орусияны Украинанын аймагынан аскерлерин тез арада чыгарып кетүүгө жана сүйлөшүүлөрдү баштоого үндөй турганын, эгер Москва жаңжалды украин чек арасынан ары чыгарса уюм өзүн коргой турганын кошумчалаган.
Бурятиянын башчысы сегиз аскер кызматкер Украинадагы согушта каза болгонун расмий түрдө ырастады.
"Аскердик операциянын жүрүшүндө Бурятиядан сегиз аскер кызматкери каза болуп, 40 аскер госпиталда дарыланууда. Жоокерлердин жаркын элеси Бурятиянын жашоочуларынын жүрөгүндө сакталат", - деп белгилеген аймактын башчысы Алексей Цыденов.