Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:31
Украина, Киев. 2024-жылдын 17-ноябры. Орусиянын ракеталык чабуулу учурунда баласын ээрчиткен аял коопсуз жайга баратканы тартылган.
Украина, Киев. 2024-жылдын 17-ноябры. Орусиянын ракеталык чабуулу учурунда баласын ээрчиткен аял коопсуз жайга баратканы тартылган.

Түз ободо Орусия Украинага жапырт сокку урду. Энергетикалык жайларды бутага алды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

18:26 4.3.2022

Орусиянын авиациялык күчтөрүнүн соккуларынан Украинанын Чернигов шаарында каза болгон жайкын тургундардын саны 47 адамга жетти. Бул тууралуу Чернигов облустук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жергиликтүү бийликтер кабарлагандай, орус учактары турак жайларды да аткылап жатышат.

Орусиянын бийлиги согуштук аракеттер башталгандан бери Украинанын аскердик объектилери гана аткыланып жатканын, турак жайларга кол салынбай турганын маалымдап келет. Бирок алардын октору, ракеталары жана бомбалары көп кабаттуу үйлөргө жана жер үйлөргө тийип жатат.

Чернигов шаары Беларус менен чек арага жакын жайгашкан. Украин бийликтери бул жакка жасалган кол салуу Беларустун аймагынан чыккан орус күчтөрү тарабынан жасалып жатканын кабарлоодо.

Орус тарап Украинанын дээрлик бардык аймактарында чабуул жасоодо. Эң негизги аткылоолор Киевге жана Харьковго жасалды. Күн мурун Орусиянын Коргоо министрлиги алардын аскерлери Украинанын Херсон шаарын толук басып алып, өз көзөмөлүнө алганын ырастаган.

Черниговодогу соккуга кабылган имарат. 3-март, 2022-жыл.
Черниговодогу соккуга кабылган имарат. 3-март, 2022-жыл.

18:37 4.3.2022

Александр Лукашенко "беларус армиясы атайын операцияга катышкан жок жана катышпайт" деп билдирди.

Бул тууралуу ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки саатка созулган сүйлөшүүдөн кийин айтты.

Буга чейин Беларустун аймагынан согуштук тик учактар учкан, ооруканаларында жарадар болгон орус аскерлери дарыланып жатканы кабарланууда.

Бүгүн Лукашенко референдум аркылуу өзгөртүлгөн Баш мыйзамга кол койду. Ага ылайык, дагы эки жолу президенттикке шайлануу укугуна ээ болду жана мамлекет башында тургандагы бардык аракеттери үчүн жоопкерчилик тартпайт.

18:43 4.3.2022

Орусиялык аскерлер Донецк облусундагы Покровск шаарын жаңы үлгүдөгү "Торнадо-С" реактивдүү чачыратма снаряддары менен аткылашты.

Бул тууралуу Украинадагы шаарларды курал менен аткылоонун кесепетин анализдеген Conflict Intelligence Team (CIT)​ изилдөөчү тобу кабарлады.

CIT чачыратма куралдар көбүрөөк аянтты жабыркатат жана аны колдонуу согуш кылмышына кирет.

18:51 4.3.2022

Владимир Зеленскийдин администрациясынын жетекчиси Алексей Арестович журналисттер үчүн кезектеги брифингин өткөрдү.

Негизгилери:

  • Орусиялык аскерлер күйүүчү майдын корун толукташты жана кыймылын улантышты. Көбүрөөк бөлүгү Запорожьеге карай жылып, Энергодардагы атомдук электростанцияны жарым-жартылай көзөмөлүнө алды.
  • Орус аскерлеринин Николаевге кирүү аракети ишке ашкан жок.
  • Мариупол камалоодо калып, гуманитардык кырдаал чыңалып турат.
  • Киевдин түндүк-чыгышында кармаш уланууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG