Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:15
Украина, Киев. 2024-жылдын 17-ноябры. Орусиянын ракеталык чабуулу учурунда баласын ээрчиткен аял коопсуз жайга баратканы тартылган.
Украина, Киев. 2024-жылдын 17-ноябры. Орусиянын ракеталык чабуулу учурунда баласын ээрчиткен аял коопсуз жайга баратканы тартылган.

Түз ободо Орусия Украинага жапырт сокку урду. Энергетикалык жайларды бутага алды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

12:29 4.3.2022

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы Запорожьедеги АЭСтеги өрттөн каза тапкандар жана каза болгондор жок экенин билдирди.

Атомдук электр станциянын айланасындагы кырдаалдан кийин МАГАТЭ чыр-чатак жана өзгөчө кырдаалдар борборун күндүр-түндүр иштөөгө өткөрдү.

Украиналык УНИАН басылмасы аскердик-жарандык администрацияга таянып, Запорожье облусунда радиация көрсөткүчү калыбында экенин жазды.

16:27 4.3.2022

Жума күнү кечинде орусиялык авиация Украинанын Житомир шаарына сокку урду. Андан жергиликтүү лицей бузулду.

Житомирдеги бузулган үй. Украина.
Житомирдеги бузулган үй. Украина.
Житомир, Украина.
Житомир, Украина.

16:32 4.3.2022

Орусияда Twitter, Facebook социалдык түйүндөрү, “Медуза”, BBC, “Радио Свобода” жана "Немис толкуну" (DW) жалпыга маалымдоо каражаттарынын сайттарын бөгөттөө аракеттери башталды. Бул тууралуу интернетке мониторинг жүргүзгөн GlobalCheck сервиси кабарлады.

Аталган сайттар көпчүлүк операторлордун колдонуучуларында ачылбай жатат.

Булардан сырткары “Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясынын татар-башкыр кызматы “Идель.Реалии” жана “Радио Азатлык” сайттарына да кирүү мүмкүн эмес болуп турат. Алар Орусиянын Роскомнадзор мамлекеттик мекемесинен эскертүү алышкан.

Роскомнадзор мунун алдында “Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясынын орус кызматы – “Свобода” радиосун сайтындагы Украинага байланыштуу материалдарды өчүрүүнү талап кылып, антпесе сайтты бөгөттөй турганын эскерткен.

Роскомнадзор ага чейин Орусиянын Украинага кол салуусун согуш деп атабоону талап кылып чыккан. Буга байланыштуу бир нече сайттар бөгөттөлгөн. Жергиликтүүлөрдөн “Дождь” телеканалынын, “Эхо Москвы” радиосунун, чет элдиктерден The Village сайты бөгөттөлгөн.

18:15 4.3.2022

Украинанын Коргоо министрлиги 4-мартка карата орус армиясынын жоготуулары 9 166 жоокерди түзөрүн маалымдады. Мунун ичинде өлгөндөр, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо саналып жатат.

Мекеме жаңы маалыматында, Орусиянын 33 учагы, 37 тик учагы, 251 танкы, 939 чопкутталган транспорту, 404 автоунаасы, 105 артиллериялык системасы, 74 замбиреги (пушка), бир “Бук” зениттик-ракеталык комплекси, 50 ракета атуучу системасы, 60 цистернасы, үч учуучу аппараты, эки кемеси, беш абадан коргонуу системасы жок кылынганын кабарлады.

Орусиянын Коргоо министрлиги болсо алардын куралдуу күчтөрү тогуз күндүк чабуулдарынын жүрүшүндө Украинанын 1812 аскердик объектисин иштен чыгарганын билдирди. Министрликтин расмий өкүлү Игорь Конашенков 4-мартта кабарлагандай, мындан сырткары Украинанын 635 танкы жана башка чопкутталган аскердик техникасы, 62 учагы, 67 ракета атуучу системасы, 252 талаа артиллериясы жана миномёттору жок кылынганын кабарлады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерде 498 жоокери каза болгонун, 1597и жаракат алганын 2-мартта моюнга алган. Мекеме андан бери каза болгон аскерлеринин саны тууралуу маалымат бере элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG