Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:26
Украина, Киев. 2024-жылдын 17-ноябры. Орусиянын ракеталык чабуулу учурунда баласын ээрчиткен аял коопсуз жайга баратканы тартылган.
Украина, Киев. 2024-жылдын 17-ноябры. Орусиянын ракеталык чабуулу учурунда баласын ээрчиткен аял коопсуз жайга баратканы тартылган.

Түз ободо Орусия Украинага жапырт сокку урду. Энергетикалык жайларды бутага алды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

07:09 4.3.2022

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Запорожье атомдук электростанциясын аткылап жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал «Твиттерге» жазды.

«Өрт тутанды. Эгер ал жарылса, Чернобылдан он эсе жаман алаамат болот. Орусия токтоосуз аткылоону токтотуп, өрт өчүрүүлөргө жол ачып бериш керек»-деген Кулеба бул Европадагы эң ири атомдук электростанция экенин кошумчалады.

Маалыматты Энергодар шаарынын мэри Дмитрий Орлов дагы ырастап, "дүйнө коопсуздугуна коркунуч жаралганын" жазды.

Аталган АЭСтин маалымат катчысы Андрей Туз билдиргендей, орус армиясынын тынымсыз аткылоосунан өрт өчүрүүчүлөр станцияга жакындай албай турушат.

Буга чейин Энергодар шаарынын тургундары жолдорду тороп, орус аскерлерин киргизбөө аракетин көрүп келишкен.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин "Инстаргамдагы" расмий баракчасына АЭСке ракеталык сокку тийип, өрттүн тутанышы чагылдырылган видео жарыяланды.

07:53 4.3.2022

Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Старух өрт өчүрүүчүлөр АЭСтеги тилсиз жоо менен күрөшүп башташканын билдирди.

Буга чейин орус армиясынын тынымсыз аткылоосунан улам өрт өчүрүүчүлөр атомдук электростанцияга жакындай албай турушкан.

Айрым маалыматтарга караганда, ракеталык сокку биринчи энергоблокко тийген. Ал жакта план боюнча оңдоп-түздөө иштери башталган. Бирок ичинде өзөктүк отун бар болчу.

АЭСтин маалымат катчысы Александр Туз «Би-би-си» орус кызматына билдиргендей, аткылоо токтоду, бирок кырдаал белгисиз бойдон турат.

4-мартка караган түнү Энергобар шаарында жайгашкан атомдук электростанцияда Орусиянын аткылоосунан улам өрт тутанганы маалым болгон.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусиядан токтоосуз аткылоону токтотуп, өрт өчүрүүлөргө жол ачып берүүнү талап кылган. Ал бул тууралуу «Твиттерге» жазды.

«Өрт тутанды. Эгер ал жарылса, Чернобылдан он эсе жаман алаамат болот. Орусия токтоосуз аткылоону токтотуп, өрт өчүрүүлөргө жол ачып бериш керек»-деген Кулеба бул Европадагы эң ири атомдук электростанция экенин кошумчалады.

08:20 4.3.2022

Запорожье атомдук электростанциясына жасалган орус армиясынын чабуулуна байланыштуу Украинанын президенти Владимир Зеленский 4-марттын таңында чукул кайрылуу жасады.

«Европа ойгонуш керек. Европадагы эң ири атомдук электростанция өрттөнүп жатат. Орусиянын аскерлери Украинанын Энергодар шаарында Запорожье атомдук электростанциясын аткылап жатат. Ал жакта алты энергоблок бар. Чернобылда бир эле энергоблок жарылган»-деди Зеленский. Ал Орусиянын бул аракетин «өзөктүк террор» деп атады.

4-мартка караган түнү Энергобар шаарында жайгашкан Европадагы эң ири атомдук электростанцияга ракеталык сокку урулуп, өрт тутанганы маалым болгон.

Орус армиясынын тынымсыз аткылоосунан улам өрт өчүрүүчүлөр атомдук электростанцияга бир топко жакындай албай турушкан.

Андан кийин Украинадагы Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Старух өрт өчүрүүчүлөр АЭСке кое берилгенин билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда, ракеталык сокку биринчи энергоблокко тийген. Ал жакта план боюнча оңдоп-түздөө иштери башталган, бирок ичинде өзөктүк отун бар болчу.

12:12 4.3.2022

Запорожьедеги АЭСте чыккан өрт өчүрүлгөнүн Украинанын ӨКМи билдирди. Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон станцияга чабуулдан кийин Путиндин акылсыз чечимдери бүтүндөй Европа үчүн кооптуу экенин жарыялады. Британия өкмөтү абалды өтө кооптуу деп эсептейт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG