Британия украин жергесине Орусия “вакуумдук бомбаларды” алып келгенин билдирди
Улуу Британия орус аскер күчтөрү Украинага термобардык куралдардын системасын алып келгенин билдирип, бул согуштун масштабын кеңейтип, чоң жоготууларга алып келерин эскертти.
Бул тууралуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес 3-мартта НАТОдогу өнөктөшү Эстонияга келген учурда билдирди.
“Алар өз максаттарына жетүү үчүн кандай куралдарды пайдаланып, каерге чейин барары белгисиз. Бирок биз аябай чоң артиллерияны колдонгонун көрдүк. Ошондой эле термобардык артиллериялык системаларды жайгаштырып жатканын көрүп турабыз жана ал канчалык колдонушу мүмкүн деп камтамабыз”,-деди ал.
Британ министри жагдай боюнча башка маалыматтарды келтирген жок. Орусия тарап бул маалыматтарды комментарий бере элек.
Украин өкмөтү жана укук коргоо уюмдары Орусияны термобардык куралдарды ушул учурда пайдаланып жатат деп айыпташууда. Айрым аскердик эксперттер аталган куралдын бомбаларын ташыган орусиялык техникалар Украинанын аймагында жүргөнү видеолордо көрүнүп жатканын айтууда.
Термобардык куралдар оозеки тилде “вакуумдук бомбалар” деп да аталып жүрөт. Ал атылган учурда айланасындагы кычкылтекти катуу ылдамдык менен соруп алып, кайра жарылган учурда катардагы бомбаларга караганда жогорку температуралык жарылуу пайда кылат.
“Вакуумдук бомбаларды” колдонуу мыйзамсыз болуп саналбаганы менен анын кесепети өтө чоң болгону үчүн көп талаш-тартыштарды жаратып келет. АКШ мындай бомбаларды Вьетнамдагы жана Ооганстандагы согуштук аракеттерде жоочулар жашырынган тоодогу үңкүрлөрдү жок кылуу үчүн колдонгон.
Орусия аны 1999-жылы Чеченстандагы согушта жардырган жана Human Rights Watch уюмунун кескин айыптоосуна кабылган. Орусиялык өндүрүштөн чыккан термобардык куралдар буга чейин Сириядагы согушта президент Башар Асаддын режими менен күрөшүүдө да пайдаланылганы айтылган.
Орусиянын президенти Владимир Путин 3-марттын кечинде Украинадагы согуштук аракеттер жөнүндө кайрылуу жасап, ал план боюнча жүрүп жатканын, дагы улантыларын билдирди.
Путин аны мурдагыдай эле “атайын аскердик операция” деп атап, ал Украинанын башындагы “неоулутчулдарга каршы багытталганын, ал бул өлкөнү куралсыздандырууга” алып келерин айтты. Президент орус аскерлери баатырдык менен салгылашып жатканын белгилеп, каза болгон жоокерлердин жакындарына ири суммада компенсация төлөнүп берилерин кошумчалады. Украин бийлигин болсо “карапайым калкка жашынып алып, элди кырып жатат” деп айыптады.
Орус-украин делегацияларынын Беларустун Брест облусунда өткөн 3-марттагы сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасында тараптар гуманитардык коридорлорду уюштурууну, ал аткарылып жаткан учурда ок атышууну убактылуу токтото турууну макулдашты. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Михаил Подоляк сүйлөшүүдөн кийин журналисттерге билдирди.
Ал украин делегациясы башка талаптары боюнча жыйынтык ала албаганын кошумчалап, алар үчүнчү раундда сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Сүйлөшүүнүн алдында ал Киев биринчи кезекте ок атышууну дароо токтотуу, тынчтык келишимине келүү, гуманитардык коридор ачуу маселелерин коёрун билдирген эле.
Орусиялык делегацияны жетектеп барган президент Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский да тараптар гуманитардык коридорлордо ок атышпоону макулдашканын ырастады. Ал дагы делегациялар кайрадан сүйлөшүү үчүн чогуларын тактады.
Гуманитардык коридор – бул атышуу уланып жаткан аймактарда кирип-чыгуу үчүн эки тарап убактылуу ок атпоо тууралуу келишкен жолдор. Ал аркылуу атышуу болуп жаткан аймактардан аялдарды, балдарды жана кары-картаңдарды коопсуз чыгарып жиберүү ишке ашырылмакчы. Мындан сырткары гуманитардык жардамдар жеткирилет.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 3-марттын кечинде кенен басма сөз жыйынын өткөрүп, Батыш өлкөлөрүн Киевге аскердик жардамын күчөтүүсүн өтүндү. Ал ансыз Орусия баскынчылыгын уланта берерин жана анын соңу Европанын калган бөлүгүнө чейин уланарын билдирди.
“Кудай анын бетин салбасын, эгер Украина Орусияга туруштук бере албаса, анда кийинки кезекте Латвия, Литва, Эстония турат. Мага ишенип койгула”, - деди Зеленский.
Украин лидери Орусиянын президенти Владимир Путинди түздөн-түз сүйлөшүүгө үндөп, бул согушту токтотуу үчүн бирден-бир жол экенин ортого салды.
“Бирок Макрон, же Шольц жана башкалар менен олтургандай 30 метрлик аралыкта эмес. Мен деген коңшумун да! Мени 30 метр алыс отургузуштун кереги жок. Мен тиштеп албайм. Мен катардагы жигитмин. Мени менен олтур, сүйлөш, эмнеден коркосуң? Биз эч кимге коркунуч жаратпайбыз, биз террорчу эмеспиз”,- деди украин президенти.
3-марттын кечинде Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен өткөн жыйында Украинадагы согуштук аракеттер жөнүндө кайрылуу жасады. Аракеттер план боюнча жүрүп жатканын, дагы улантыларын билдирди.