Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:34
Украина, Киев. 2024-жылдын 17-ноябры. Орусиянын ракеталык чабуулу учурунда баласын ээрчиткен аял коопсуз жайга баратканы тартылган.
Украина, Киев. 2024-жылдын 17-ноябры. Орусиянын ракеталык чабуулу учурунда баласын ээрчиткен аял коопсуз жайга баратканы тартылган.

Түз ободо Орусия Украинага жапырт сокку урду. Энергетикалык жайларды бутага алды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

18:04 3.3.2022

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров орусиялык жана чет элдик ЖМКларга маек курду.

Айрым сөздөрү:

  • Харьковдо орусиялык аскерлер жок
  • Чет элдиктерди Украинадан кетирбей жатат
  • АКШ Наполеон жана Гитлер сыяктуу "Европаны багынтып алды"
  • Украин делегациясына сүйлөшүүлөрдө Вашингтондон сигнал келип жатат
  • Орусия Украинанын аймагынан кол салуу коркунучу болушуна мындан ары чыдай албайт
  • Өзөктүк курал менен согушуу тууралуу сөздү Орусия эмес НАТО жана Украина айтып жатат
  • Украинадагы кризисти чечүү жолу табылат
18:25 3.3.2022

Бурятиянын жашоочусу Украинадагы согушка каршы пикетке чыкканы үчүн 10 күнгө камалды. Активист аял жалгыздап пикет өткөрүү эрежесин бузган эмес, бирок полиция аны паспортун көргөзүүдөн баш тартканы үчүн бийлик өкүлүнө баш ийген жок деген негизде камаган.

18:33 3.3.2022

Париждеги момдон жасалган эстеликтердин арасынан Путиндин айкели алынды.

"Биз Гитлер өңдүү диктаторлорду койбойбуз, Путинди дагы көргүбүз келбейт", - деп түшүндүрдү музей жетекчиси Ив Дельомо.

22:46 3.3.2022

Беларустун Брест облусунда орус-украин делегацияларынын сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасы башталды. Бул тууралуу "РИА Новости" маалымат агенттиги Беларустун Тышкы иштер министрлигине таянуу менен жазды.

Сүйлөшүүнүн алдында Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Михаил Подоляк Киев биринчи кезекте ок атышууну дароо токтотуу, тынчтык келишимине келүү жана жайкын тургундарды эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридор ачуу маселелерин коёрун билдирди.

Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы 28-февралда украин-беларус чек арасында өткөн. Тараптар анда бир пикирге келе алышкан эмес. Айрым чечимдер такталганын, калганын өз жетекчилери менен кеңешүү үчүн артка кайтып жатканын билдиришкен. Экинчи айлампа 2-мартта өтөрү кабарланып, кийин белгисиз себептер менен болбой калган.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба мурдараак Киев ок атышууну токтотуу үчүн сүйлөшүүнү улантууга даяр экенин билдирип, бирок алар Орусиянын талаптарына макул болбой турганын айткан. Ал Москва Украинанын бийлигинен Крымдын аннексиясын, “Донецк Элдик Республикасы” менен “Луганск Элдик Республикасын” таанууну жана толугу менен куралсызданууну талап кылып жатканын билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG