Украина президентинин таңкы кайрылуусу
"Бизди жок кылабыз деп ойлошкон. Биз туруштук бердик. Баарын басып өттүк. Ушунун баарынан кийин украиналыктар коркуп, сынып, багынып берет десе - ал Украина тууралуу эч нерсе билбейт. Анда анын Украинада жүргөнү бекер. Үйүңө бар, дүйнөдөгү эмес, өз өлкөңдөгү орус тилдүүлөрдү корго", - деди Владимир Зеленский орус аскерлерине.
Кыргызстандын Коргоо министрлигинин билдирүүсү
Коргоо министрлиги Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн чет өлкөлөрдөгү кандайдыр бир аскердик операцияларга катышуусу боюнча маалыматтарды толугу менен жокко чыгарат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы 3-мартта билдирди.
Маалыматка ылайык, республиканын бардык аскердик бөлүктөрү өлкө аймагында. Мамлекеттик чек арадан тышкаркы жерлерде аларды тартуу боюнча пландар жок.
Министрлик жарандарды расмий булактардан алынган маалыматка гана ишенүүгө чакырган.
Мындан мурда айрым маалымат каражаттары казакстандык эксперт Альнур Мусаевге шилтеме кылып "Кыргызстан менен Тажикстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөрүн жашыруун билдирди" деп жазып чыккан.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2-мартта Кыргызстан Орусия менен Украинаны "натыйжалуу диалог үчүн жаңы форматтарды издөөгө" чакыра турганын билдирген.
Эл аралык Паралимпиада комитети (ЭПК) Орусия менен Беларусту Бээжинде өтчү кышкы Паралимпиада-2022 оюндарынан четтетти. Оюн 4-мартта ачылат.
ЭПК бейшемби күнкү билдирүүсүндө мындай чара комитеттин башкармалыгынын атайын олтурумунда чечилгенин билдирди. Анда белгиленгендей, бир катар оюнчулар орус жана беларус оюнчулары менен ойноодон баш тартышкан. Мындан сырткары Олимпиада айылдарындагы чыңалуу жана анын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылууда маселе чыкканы буга жүйө катары келтирилген.
Эл аралык Паралимпиада комитетинин президенти Эндрю Парсонс орус жана беларус жарандарынын четтетилгенине өкүнгөнүн билдирип, алар эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн аракеттеринин курмандыгы болуп калганын айтты.
Орусиянын Паралимпиада комитети бул чектөөнү мыйзамсыз жана негизсиз деп атап, аны даттанарын маалымдады. Мурдараак аталган эки өлкөнүн оюнчулары мамлекеттердин атынан эмес, нейтралдык макамда чыгары айтылып жаткан эле.
Орусиянын Роскомнадзор мамлекеттик мекемеси “Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясынын орус кызматы – “Свобода” радиосун сайтындагы Украинага байланыштуу материалдарды өчүрүүсүн талап кылып, антпесе сайтты бөгөттөй турганын эскертти.
Мунун алдында Орусиянын Башкы прокуратурасы менен Роскомнадзордун атынан соттун чечими жок алты жаңылык боюнча кабарлама келген. Алар Харьковдогу турак-жайларды аткылоо, Орусиянын сайттарын хакерлердин бузуп салуусу, коңшу мамлекеттеги согуштук аракеттерге карата орусиялыктардын пикири жөнүндө маалыматтарды өчүрүүнү талап кылган.
Роскомнадзор Орусиянын Украинага кол салуусун согуш деп атабоону талап кылууда. Буга байланыштуу бир нече сайттар бөгөттөлгөн. Жергиликтүүлөрдөн “Дождь” телеканалынын, “Эхо Москвы” радиосунун, чет элдиктерден The Village сыяктуу сайттар бөгөттөлгөн.
Булардын ичинде “Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясынын долбоорлору – “Настоящее Время” телеканалынын сайтын жана “Крым.реалии” сайтын жапкан. “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” президенти Жейми Флай “муну Путиндин Украинага каршы кылмыштуу согушу жөнүндө чындыктарды жашыруу аракети” катары баалап, холдинг бул талаптарды аткарбай турганын билдирген.