Украинада миллиондой адам качкын болду
Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюму билдирди.
Украинадан негизинен Польшага чыгып кетишүүдө. Бул өлкөгө баш-аягы 400 миң адам, жүз миңдей качкын Венгрияга, он миңдегени Словакия, Чехия, Румынияга жана Молдовага барган.
БУУнун качкындар боюнча кеңсесинин башчысы Филиппо Гранди согуш болуп аткан өлкөдөгү элге гумжардам жеткирүү үчүн тынчтык келишимине жетишүүгө чакырды.
Орусиялык "АвтоВАЗ" компаниясы электрондук компоненттердин жетишсиздигинен автомобиль чогултууну токтотту. Компания иш төрт күнгө токтогонун кабарлады.
В Черниговдогу мунай базасына эртең менен снаряд тийди
Снаряд таңкы саат 8:10до Черниговдун Чудинов көчөсүндөгү "Комбинат Астра" мамлекеттик өндүрүшүнүн аймагына түшкөнүн Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы кабарлады.
Рублдин куну кете баштады. Москва биржасында доллардын баасы 116,6 рублге чыкты. Евронун курсу 124,75 рублге көтөрлдү.
Кырдаалга байланыштуу Орусиянын башкы банкири Эльвира Набиуллина Борбордук банктын кызматкерлерине кайрылуу жасады.