Грузия Европа Биримдигине мүчө болуу тууралуу арызын 3-мартта Брюсселге жөнөтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын лидери Ираклий Кобахидзе 2-мартта журналисттерге билдирди.
Ал соңку жылдары Грузия Еврошаркет менен кызматташтыкты күчөткөнүн белгилеп, Брюсселди Тбилисинин өтүнүчүн чукул карап берүүгө чакырды.
Грузиянын жетекчилиги Евробиримдикке кирүү тууралуу арызга 2024-жылы кол коюну пландап келген. Бирок бийликтеги партиянын өкүлдөрү “дүйнөдөгү өзгөргөн кырдаалга” байланыштуу чукул чечим кабыл алынганын айтышты.
Буга чейин Тбилисиде Украинага тилектештик билдирген акцияларда Евробиримдикке мүчө болуу процессин тездетүү тууралуу чакырыктар айтылган.
Орус армиясы менен күрөшүп жаткан Украина да 28-февралда Европа Биримдигине кирүү тууралуу арызын Брюсселге жолдогон. Европарламент 1-мартта Украинанын бул арызын карап, Еврокомиссиянын институттарына аны талапкер өлкө катары сунуштоо резолюциясын кабыл алган.
Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу 38 мамлекет Эл аралык кылмыш сотуна кайрылды. Бул тууралуу 2-мартта Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон билдирди.
“Путин бул үрөй учурган аракеттерди жасоо менен жазасыз калбай турганы бизге айдан ачык”, - деп айтылат Жонсондун Твиттердеги билдирүүсүндө.
Бирок британ премьер-министри Эл аралык кылмыш сотуна кайсы мамлекеттер кайрылганын тактаган жок.
27-февралда Украинанын бийлиги да Орусияга каршы Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык сотуна арыз жолдогон.
"Агрессияны актоо максатында "геноцид" түшүнүгүн бурмалаганы үчүн Орусияны жоопко тартууну талап кылабыз”, - деп билдирген украин президенти Владимир Зеленский.
Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Украин бийлиги 2-мартка карата эки миңдей жайкын тургун каза болгонун ырастады. Орус армиясы жайкын тургундар жашаган аймактарды бутага алганын четке кагып жатат.
Изюмга сокку: карапайым тургундар каза табууда
Бул түнү орус авиациясы Харьковдогу Изюм шаарына сокку урду.
Шаар мэри Владимир Мацокин алты адам анын ичинде эки бала каза тапканын кабарлады.
Киевге түндө урулган соккудан улам болгон жарылуулар
Дагы бир кадр