Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:43

Түз ободо Одесса орусиялык дрондордун чабуулуна кабылды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

01:11 3.3.2022

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 2-марттагы чукул сессиясында Орусиянын Украинага чабуулун айыптаган резолюция көпчүлүк добуш менен жактырылды.

Москванын Украинага карата согушун тез арада токтотуусун жана Украинанын аймагынан жоокерлерин чыгарып кетүүсүн талап кылган документти жыйынга катышкан 193 өлкөнүн өкүлдөрүнүн 141и колдоду.

БУУнун таблосунда көрүнгөндөй, Орусия, Беларус, Түндүк Корея, Эритрея, Сирия резолюцияга “каршы” добуш беришти. Армения, Кытай, Конго, Куба, Индия, Ирак, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөр добуш берүүдөн карманышты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык түйүндөрдөгү баракчалары аркылуу резолюцияны колдогон өлкөлөргө ыраазычылык билдирди.

02:48 3.3.2022

Орусиялык олигарх Роман Абрамович англиялык "Челси" футбол клубун сата турганын жарыялады. Ишкер клубду сатуудан түшкөн акча Украинадагы согушта жабыркагандарга жардам берүү үчүн түзүлө турган кайрымдуулук фондуна жумшаларын билдирди.

"Мен ар дайым клубдун кызыкчылыгына карап, чечим кабыл алчумун. Ошондуктан мындай кырдаалда мен клубду сатууну чечтим. Анткени бул команданын кызыкчылыгында деп эсептейм", - деп айтылат Абрамовичтин билдирүүсүндө.

Британиядагы маалымат каражаттары жазгандай, Абрамович эл аралык санкциялардан кооптонгону үчүн бул кадамга барышы мүмкүн. Буга чейин орусиялык олигарх клубду башкарууну “Челсинин” кайрымдуулук фондунун камкорчулар кеңешине өткөрүп берген.

Абрамович "Челсини" 2003-жылы 140 миллион фунтка сатып алган. Андан бери бул клуб 21 жолу ар кыл чемпионаттарды утуп алды.

Орусиянын Украинага кол салганына байланыштуу Улуу Британия Москвага бир катар санкцияларды жарыялаган. Азырынча расмий Лондон Абраимовичтин жеке өзүнө карата эч кандай чечим кабыл алына элек.

Bloomberg басылмасы Абрамович санкциялардан улам Лондондогу кыймылсыз-мүлкүн да сатышы мүмкүндүгүн жазды.

03:31 3.3.2022

Шаршембинин кечинде орус күчтөрү Украинанын баш калаасы Киевге жана Харьков шаарына сокку урууну улантты. Анын алдында эки шаарда тең аба соккусу болорун эскерткен сиреналар жаңырган болчу.

“Настоящее время” телеканалы күбөлөргө шилтеме кылып билдиргендей, Харьковдогу аскердик жабдыктарды жана электроника товарларын чыгарган заводдун аймагында жарылуу болду. Телеграмдагы айрым каналдар Харьковдо эки ракета жергиликтүү коргонуу кошуундарынын штабына тийгенин кабарлап жатышат.

Киевде Украинанын абадан коргонуу күчтөрү орус армиясы учурган канаттуу ракетаны атып түшүрдү. Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко билдиргендей, бул ракета Киевдеги аскердик күчтөрдү башкаруу борборлорунун бирине багытталган жана ракетанын калдыктары шаардагы жылуу суу түтүктөрүнө зыян келтирген.

04:38 3.3.2022

2-марттын кечинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Украинанын лидери Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү. Акордонун расмий сайты кабарлагандай, бул сүйлөшүү украин тараптын демилгеси менен ишке ашты.

“Тараптар Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты. Касым-Жомарт Токаев сүйлөшүүлөрдө Украинадагы аскердик иш-аракеттерди токтотуу жана мындан ары болтурбоо багытында макулдашууларга жетишүү маанилүү экенин айтты”, - деп айтылат билдирүүдө.

Зеленский Токаев менен сүйлөшүүсүндө региондогу оор кырдаал талкууланганын, тараптар гуманитардык маселелерде кызматташууну макулдашканын Твиттерге жазды.

Казак президенти Токаев Орусия Украинага кол салгандан бери Зеленский менен телефондон сүйлөшкөн биринчи борбор азиялык президент болуп калды.

Бир күн мурда Токаев Украинадагы кырдаалга байланыштуу Твиттерге билдирүүсүн жарыялап, тараптарды диалогго чакырган. Ага чейин Улуу Британиянын парламентинде “Путиндин саясатын колдойт” деген жүйө менен Казакстанга санкция салуу ыктымалдыгы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG