Европа Биримдиги SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системасынан Орусиянын ВТБ, "Россия", "Открытие", Новикомбанк, Промсвязьбанк, Совкомбанк жана ВЭБ деп аталган банктарынын баарын өчүрдү. Бул тууралуу маалымат уюмдун расмий журналында жарыяланды.
Евробиримдиктин жетекчилиги ошондой эле Европалык каржылык институттарды орусиялык банктарга евро банкнотторун сатууга тыюу салды.
Орусия согуштук аракеттерди баштагандан бери Украинанын аймагынан 830 миңдей адам чыгып кетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы билдирди.
Украиналык качкындарды негизинен Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер жана Молдова кабыл алып жатат.
Орусиянын аскердик чабуулунан жети күндүн ичинде Украинанын эки миңдей жайкын тургуну каза болду. Бул тууралуу Украинанын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы “Фейсбуктагы” баракчасында кабарлады.
Мекеме канча аскер каза болгонун тактаган жок. Бул маалыматтар азырынча көз карандысыз булактар аркылуу да ырастала элек.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерде 498 жоокери каза болгонун, 1597 жоокери жарадар болгонун 2-мартта маалымдады.
Орус тарап ошондой эле Украинанын 2 870 жараны өлгөнүн, 1 533 аскердик объектиси талкаланганын кошумчалады.
Украинанын Коргоо министрлиги 2-мартка карата орус армиясынын жоготуулары 5840 жоокерди түзөрүн маалымдаган. Бул категориянын ичинде өлгөндөр, жок кылынгандар, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо саналат. Орусия өлгөн же жараат алган аскерлеринин санын ушуга чейин айтпай келген.