Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Түз ободо Одесса орусиялык дрондордун чабуулуна кабылды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

03:03 2.3.2022

Орусиянын президенти Владимир Путин 10 миң доллардан ашык накталай акчаны өлкөдөн алып чыгууга тыюу салды. Мындай жарлык 1-мартта Кремлдин сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, бул чектөө 2-марттан тарта күчүнө кирет. Буга чейин өлкөдөн 10 миң доллардан ашык каражат алып чыгуу үчүн декларация процессинен өтүү жетиштүү болчу.

Путиндин жарлыгына ылайык, «дос эмес өлкөлөрдүн» жарандарына жана алар көзөмөлдөгөн түзүмдөргө баалуу кагаздарды жана кыймылсыз-мүлктү сатууга же сатып алууга да тыюу салынат. Ошондой эле аларга чет өлкөлүк инвестицияларды көзөмөлдөө боюнча өкмөттүк комиссиянын макулдугу жок рубль түрүндө кредит берилбейт.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Алты күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоону жана бомбалоону улантууда. Буга байланыштуу Батыш өлкөлөрү Орусияга бир катар санкцияларды жарыялады. Мындан улам орус рублунун куну кескин төмөндөп кетти.

03:42 2.3.2022

Орусиянын куралдуу күчтөрү Киевдин Русановка, Вишнёвое, Куреневка, Боярка жана Жуляны аймактарына абадан сокку уруп жатат. Бул тууралуу Украинанын Атайын байланыш жана маалыматы коргоо боюнча мамлекеттик кызматы түн жарымын утурлай Телеграм аркылуу билдирди.

Маалыматка ылайык, Киев облусундагы Белая Церковь шаарында да катуу жарылуунун добушу угулуп жатат. Мындан тышкары Украинанын түндүк-чыгышындагы Харьков шаарында жана өлкөнүн түштүгүндөгү Херсон шаарында да орус күчтөрүнүн чабуулу уланып жатканы кабарланууда.

1-мартта күндүз орус армиясы Киевдин телемунарага сокку урган. Андан кеминде беш жайкын тургун каза тапканы белгилүү болду.

28-февралда жана 1-мартта Орусиянын авиациялык күчтөрү Украинанын Харьков шаарын бомбалады. Интернетте тараган видеодо атылган ракета шаардын администрациясынын жанында жарылганын көрүүгө болот.

Орусиянын армиясы 24-февралда Украинага басып кирген. Андан бери ондогон жайкын тургундардын жана жүздөгөн аскерлердин өмүрү кыйылганы маалым болду. Орус бийлиги жөн-жай тургундар жашаган аймактарга сокку урулганын четке кагып жатат.

04:34 2.3.2022

Президент Владимир Зеленский ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр башталганга чейин Орусия Украинанын шаарларын бомбалоону токтотушу керек экенин билдирди. Ал бул тууралуу 1-мартта Киевдеги бункерде CNN телеканалына жана Reuters жаңылыктар агенттигине курган маегинде айтты.

Зеленский катуу кайтарылган бул бункерден Украинанын куралдуу күчтөрүн башкарып жатат. Анын сөзүнө караганда, орус күчтөрү Украинанын шаарларына сокку урууну улантып жаткан маалда сүйлөшүүлөрдө орчундуу жылыш болбойт.

“Жок дегенде элди бомбалаганды токтотуу керек, болгону бомбалоону токтотуп, сүйлөшүү столуна отуруу керек”, - деди Зеленский.

Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы 28-февралда украин-беларус чек арасында өткөн. Бирок андан кандай жыйынтык чыкканы расмий айтыла элек. Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы 2-мартка белгиленгенин жазып жатышат.

Украин президенти Зеленский соңку интервьюсунда НАТО өлкөлөрүнө кайрылып, Орусиянын аба соккуларын токтотуу үчүн Украинанын территориясында “учууга тыюу салынган аймакты” түзүүгө көмөктөшүүгө чакырды.

1-марттын кечинде Зеленский АКШнын президенти Жо Байден менен сүйлөшүп, коопсуздук тармагында жана гуманитардык маселелерде Украинага жардам көрсөтүү жолдорун талкуулаганы белгилүү болду.

05:35 2.3.2022

1-мартта Грузиянын баш калаасы Тбилисиде жүздөгөн адамдар Украинага тилектештик билдиришти. Парламенттин имаратынын алдында алтынчы күн катары менен өтүп жаткан акциянын катышуучулары грузин бийлигине бир нече саясий талаптарды коюшту.

Алар грузин өкмөтү Орусиянын аскердик чабуулуна туш болгон Украинаны жетиштүү деңгээлде колдой албаганын айтышып, Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвилинин кызматтан кетишин талап кылышты. Ошондой эле Тбилиси расмий Киевди активдүү колдоп, Брюсселге Европа Биримдигине мүчө болуу тууралуу расмий өтүнүч жөнөтүшү керек экенин белгилешти. Шейшембидеги акцияга Грузиядагы айрым оппозициячыл саясатчылар да катышты.

Бир катар демонстранттар Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Тбилисидеги украин элчисин кеңешүүгө чакыртып алышына түрткү берген жагдайларга уялып турганын айтышты.

1-мартта Зеленский Кыргызстан менен Грузиянын Украинадагы соңку кырдаал боюнча позицияларына байланыштуу Бишкектеги жана Тбилисидеги украин элчилерин кеңешүүгө чакыртып алганын жарыялаган. Ал Кыргызстан Орусиянын Украинага карата “агрессиясын актаганын”, Грузия Украинага жардам берүүнү көздөгөн ыктыярчыларга тоскоолдук жаратканын айткан.

Орусия 24-февралда Украинага кол салгандан кийин грузин премьер-министри Ираклий Гарибашвили Тбилиси Батыштын Москвага каршы санкцияларына кошулбай турганын билдирген. 28-февралда анын өкмөтү грузин ыктыярчыларын Киевге алып кетүү үчүн келген украиналык учакты Тбилиси аэропортуна кондурбай койгону кабарланган.

Өткөн аптада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Кыргыз президентинин сайты президенттер жөн гана соңку кырдаалды талкуулаганын кабарласа, орусиялык басылмалар Жапаров Путиндин Украинага каршы аракеттерин кубаттаганын жазышкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG