Украинанын түндүк-батышындагы Житомир шаарында орус күчтөрүнүн артиллериялык аткылоосунан кеминде 2 киши курман болуп, дагы үч жаран жараат алды. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар жана Ички иштер министрликтери кабарлашты.
“1-мартта 22:16 чамасында аба соккусу 10 жеке менчик турак-жайга зыян алып келди (үч үйдү өрт чулгады) жана шаардын ооруканасынын терезелери талкаланды. Эки киши мерт болуп, үчөө жараланды. Үйлөрдүн урандыларынын алдында адамдар болушу мүмкүн”, - деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, сокку урулган аймакта куткаруучулар иштеп жатат жана жабыркагандар тууралуу толук маалымат топтолууда.
2-мартка караган түнү Украинанын Киев, Харьков жана Херсон шаарларында да чабуулдар уланганы кабарланды.
Херсондо орусиялык аскер күчтөрү порт жана темир жол бекетин басып алганы кабарланууда. Бул тууралуу украин басылмалары шаардын мэри Игорь Колыхаевге шилтеме берип жазып чыкты. Мунун алдында орусиялык аскер техникалары Херсонго кирип келгени тууралуу маалыматтар айтылып жаткан. Шаар тынымсыз аткылоого кабылган. Канча киши жараат алып же курман болгону белгисиз.
АКШ президенти Жо Байден Орусияга каршы дагы катаал санкциялар киргизилерин билдирди.
Президент Жо Байден Конгресстеги кайрылуусунда, Украинага кол салган орус президенти Владимир Путин буга Батыш кандай жооп берерин туура эсептеген эмес деп белгиледи.
"Эркиндик тиранияны жеңет" деп сөзүн уланткан Байден Москвага каршы дагы жаңы катаал санкциялар даярдалып жатканын айтып, "Путин аны эмнелер күтүп жатканын элестете албайт" деп эскертти.
"АКШ НАТОго кирген өлкөлөрдүн аймагын катуу коргойт, Украинадагы согушка катышпайт", - деди Байден.
Украинанын Харьков шаарына урулган соккудан полициянын облустук башкармалыгынын жана Коопсуздук кызматынын имараттары зыян тартты. Социалдык тармактарга жарыяланган видеодо Харьков университетинин имараты күйүп жатканын көрүүгө болот.
Облустук администрациянын башчысы Олег Синегубовдун айтымында, акыркы суткада шаарда 21 адам каза болгон. Түндө орус авиациясы Харьковдогу аскердик окуу жайды жана Чугуевдеги аэродромду бомбалады. Бир күн мурун шаардын борбордук аянтындагы облустук администрациянын имаратына сокку урулган. Украинанын президенти Владимир Зеленский муну “террордук акт” деп атаган.
Харьковогу соккулар тууралуу орус тараптан комментарий боло элек.