Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:26

Түз ободо Одесса орусиялык дрондордун чабуулуна кабылды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

22:09 1.3.2022

Украинадагы согуш, Батыштын Орусияга санкциясынын кесепети Кыргызстанга сезиле баштады. Валюта базарында олку-солкулук байкалып, баалар өсөрү болжолдонууда. Муну белгилеген президент Садыр Жапаров өлкөдө баа кымбаттап, улуттук валюта катуу басымга кабылышы мүмкүн экенин эскертти.

22:15 1.3.2022
Киевдеги телемунарага ок атылган учур.
Киевдеги телемунарага ок атылган учур.

Орусиянын аба күчтөрү Украинанын Киев шаарындагы телемунарага сокку урду. Бул тууралуу Украинанын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Атылган октор телеберүү сигналдарын жөнөтүүчү аппаратка тийди. Телеканалдар иштебей калды. Жакын арада резервдик каналдар аркылуу берилери айтылды.

Киевдин 385 метрлик бийиктикке ээ телемунарасы 110 радиуска чейин телесигнал таратат. Мында теле жана радио берүүлөрдөн сырткары башка байланыш каражаттары, анын ичинде полиция кызматынын жана энергетикалык кызматтардын байланыштары да тейленчү.

02:29 2.3.2022

Роскомнадзор Орусиядагы “Дождь” телеканалынын жана “Эхо Москвы” радиосунун интернет сайттарына бөгөт койду. Анын алдында Орусиянын Башкы прокуратурасы орус армиясынын Украинадагы аракеттери тууралуу “жалган маалыматты жарыялады” деген негиз менен аталган сайттарды жабууну талап кылган.

“Эхо Москвы” радиосунун башкы редактору Алексей Венедиктов орус бийлигинин чечимин “саясий өңүтү бар цензура” деп мүнөздөп, радио ага каршы сотко кайрыла турганын билдирди.

Азыр “Дождь” телеканалы жана “Эхо Москвы” радиосу YouTube сыяктуу башка интернет платформалары аркылуу өз берүүлөрүн улантып жатат.

Буга чейин Роскомнадзор Орусиянын маалымат каражаттарына Украинадагы окуяларды «согуш» деп атоого тыюу салган. Ошондой эле Украинадагы согуш тууралуу Орусиянын расмий органдарынын маалыматтарын гана жарыялоону талап кылган. 24-февралда “Дождь” телеканалынын башкы редактору Тихон Дзядко бул чечимдерди “аскердик цензура” деп мүнөздөгөн.

Бир нече күн мурда Орусия “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун “Настоящее время” телеканалынын жана “Крым.Реалии” долбоорунун сайттарын жапкан.

02:33 2.3.2022

Европарламент 1-мартта Украинанын Европа Биримдигине кирүү тууралуу арызын карап, Еврокомиссиянын институттарына аны талапкер өлкө катары сунуштоо резолюциясын кабыл алды. Документ милдеттүү макамга ээ эмес, сунуштама болуп эсептелет.

Евробиримдиктеги сегиз өлкөнүн өкүлдөрү жыйында Украинаны уюмдун мүчөлүгүнө шашылыш процедура менен кароо чакырыгын жасашты.

Мунун алдында жыйында Украинанын президенти Владимир Зеленский видео байланыш аркылуу билдирүү жасады. Зеленский өз сөзүндө Харьков шаарын шейшемби күнкү ракеталык аткылоо жөнүндө айтып, жайкын тургундардын, анын ичинде балдардын курмандыгы жөнүндө кеп кылды. Ал украиналыктар орусиялык агрессияга каршы туруп, миңдеген курмандыктардын негизинде гана Евробиримдиктеги өлкөлөрдү Украинаны колдоого араң көңүл бурдурганын билдирди. Ал Украинаны кабыл алууну суранган.

Президент Владимир Зеленский Украинанын Европа Биримдигинин мүчөлүгүнө кирүү тууралуу арызына 28-февралда кол койгон. Мурдараак өлкөнүн премьер-министри Денис Шмыгал Украина уюмга атайын тартип менен кирерин билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG