Украинадагы согушта Арман Нарынбаев аттуу казакстандык каза тапканы тууралуу маалымат тарады. Ал Астрахань облусунун тургуну болгон. Армандын окко учканын Астрахандын губернатору Игорь Бабушкин ырастаган.
Буга чейин, 25-февралда социалдык тармактарда Донбасстын аймагынан өзбекстандык айдоочу тарткан видео тараган. Фергана облусунун тургуну анда Украинанын чыгышына Орусиянын жүк ташуучу автоунаасында баратканын айткан.
"Озодликтин" журналисттери видеону тараткан өзбекстандыкка байланышып, аты-жөнүн атабоо шарты менен интервью алган. Маек учурунда өзбекстандык эркек орусиялык аскерлер менен Луганскинин аймагында болгонун моюнга алган.
"Тонг Жахони" уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Валентина Чупик орус бийлиги өз максаты үчүн мигранттарды колдонуп жатышы мүмкүн экенине токтолду.
"Ошол жерде туткунга түшкөн балдарды карагыла. Жоокерлер арасында славяндар аз. Орусиянын өкмөтү эмгек мигранттарын бута кылып жатат. Аларды Орусиянын Коргоо министрлиги да, жеке аскердик компаниялар да жалдашы мүмкүн", - деп белгиледи Чупик.
Европарламент 1-мартта Орусиянын Украинанага карата куралдуу кол салуусун жана Украинанын Европа Биримдигине кирүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Украинанын президенти Владимир Зеленский анда видео байланыш аркылуу билдирүү жасады.
Зеленский өз сөзүндө Харьков шаарын шейшемби күнкү ракеталык аткылоо жөнүндө айтып, жайкын тургундардын, анын ичинде балдардын курмандыгы жөнүндө кеп кылды. Ал украиналыктар орусиялык агрессияга каршы туруп, миңдеген курмандыктардын негизинде гана Евробиримдиктеги өлкөлөрдү Украинаны колдоого араң көңүл бурдурганын билдирди.
Президенттин сөзүнө караганда, Украина тандоо жасады жана Европа Биримдигине кирүүнү каалайт. Алар европалык улуттар менен бирдей укуктагы эл болгусу келет.
“Эми силер биз менен экениңерди, чыныгы европалык экениңерди далилдегиле жана жашоо өлүмдү, жарыкчылык караңгылыкты жеңерин көрсөткүлө”, - деди Владимир Зеленский.
Президент Владимир Зеленский Украинанын Европа Биримдигинин мүчөлүгүнө кирүү тууралуу арызына 28-февралда кол койгон. Мурдараак өлкөнүн премьер-министри Денис Шмыгал Украина уюмга атайын тартип менен кирерин билдирген.
Харьков Орусиянын аскерлери бастырып киргенге чейин жана андан кийин.
Орусия -Украина согушу күчөп, сүйлөшүүлөр жыйынтык бербесе, дүйнөдө системалар өзгөрүп, анын кесепети көп өлкөлөр үчүн оор болот. Кыргызстан тобокелчиликтерди алдын алуу үчүн атайын программаларды иштеп чыгышы керек. Мындай пикирин коомдук жана саясий ишмер Токон Мамытов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.