Украинанын президенти Владимир Зеленский 1-мартта экинчи жолу видео кайрылуу таратып, орус аскердик күчтөрү Харьков шаарына интенсивдүү аткылоого дуушар болгонун билдирди. Ал Харьков шаары реактивдүү жана канаттуу ракеталык аткылоолорго кабылып жатканын айтып, муну ачыктан-ачык жасалып жаткан "террор" деп атады.
Зеленский ага барып жаткан Орусияны “террор-мамлекет” деп атап, аны “эч ким эч качан кечире албай турганын” кошумчалады.
28-февралда жана 1-мартта Орусиянын авиациялык күчтөрү Украинанын Харьков шаарын бомбалады. Артиллериялык жана ракеталык аткылоо да уланууда. Интернетте тараган видеодо атылган ракета шаардын администрациясынын жанында жарылганын көрүүгө болот.
Европарламент 1-мартта Орусиянын Украинанага карата куралдуу кол салуусун жана Украинанын Европа Биримдигине кирүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Украинанын президенти Владимир Зеленский анда видео байланыш аркылуу билдирүү жасады.
Зеленский өз сөзүндө Харьков шаарын шейшемби күнкү ракеталык аткылоо жөнүндө айтып, жайкын тургундардын, анын ичинде балдардын курмандыгы жөнүндө кеп кылды. Ал украиналыктар орусиялык агрессияга каршы туруп, миңдеген курмандыктардын негизинде гана Евробиримдиктеги өлкөлөрдү Украинаны колдоого араң көңүл бурдурганын билдирди.
Президенттин сөзүнө караганда, Украина тандоо жасады жана Европа Биримдигине кирүүнү каалайт. Алар европалык улуттар менен бирдей укуктагы эл болгусу келет.
“Эми силер биз менен экениңерди, чыныгы европалык экениңерди далилдегиле жана жашоо өлүмдү, жарыкчылык караңгылыкты жеңерин көрсөткүлө”, - деди Владимир Зеленский.
Президент Владимир Зеленский Украинанын Европа Биримдигинин мүчөлүгүнө кирүү тууралуу арызына 28-февралда кол койгон. Мурдараак өлкөнүн премьер-министри Денис Шмыгал Украина уюмга атайын тартип менен кирерин билдирген.
Орусия Украинанын 1300дөн ашуун аскердик объектисин жок кылганын маалымдады
Орусиянын куралдуу күчтөрү алты күндүк чабуулдарынын жүрүшүндө Украинанын 1325 аскердик объектисин иштен чыгарганын билдирди. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков Москвадагы атайын брифингде маалымдады.
Ал мындан сырткары Украинанын 395 танк жана башка чопкутталган аскердик техникасы, 59 ракета атуучу системасы, 179 талаа артиллериясы жана миномёттору жок кылынганын кабарлады.
Игорь Конашенков акыркы позицияларда орус армиясы украин аскерлеринин Азов деңизине чыгуу жолун бууганын, Лугансктагы жоокерлер 61 чакырым Украинанын аймагына сүрүп киришкенин кошумчалады.
Украинанын Коргоо министрлиги болсо, 1-мартка карата алар Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн 29 учагы, 29 тик учагы, 198 танкы, 846 чопкутталган транспорту, 305 автоунаасы, 74 замбиреги (пушка), 1 “Бук” зениттик-ракеталык комплекси, 77 артиллериялык системасы, 24 ракета атуучу системасы, 60 цистернасы, 3 учуучу аппараты, 2 аскердик кемеси, 7 реактивдүү абадан коргонуу системалык каражаты жок кылынганын билдирүүдө.
Украинанын Коргоо министрлиги Орусиянын армиясынын жоготуулары 1-мартка карата 5710 жоокерди түзөрүн маалымдоодо. Бул категориянын ичинде өлгөндөр, жок кылынгандар, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо саналат. Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери бар экенин моюнуна алганы менен алардын санын айта элек.