Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:36

Түз ободо Одесса орусиялык дрондордун чабуулуна кабылды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

16:49 1.3.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский коргонуунун интернационал легионуна кошулууну каалаган чет элдиктер үчүн убактылуу визасыз режим ачуу тууралуу жарлыкка кол койду. Жарлык 1-марттан тартып күчүнө кирди.

Легионго "агрессор өлкө" деп саналган мамлекеттен башкалардын жарандары келип кошулса болот. Аларга курал-жарак берилет жана украин армиясынын катарында Орусиянын аскерлерине каршы согушат.

Зеленский 27-февралда Украинанын аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн жаңы интернационал легиону түзүлгөнүн кабарлаган. Ал украин жоокерлери менен чогуу "баскынчыларга каршы күрөшчү чет элдик жоокерлер менен толукталары" айтылган.

Кийин Украинанын Улуттук коопсуздук кеңеши Франциянын чет элдик легионунда жүргөн украин жарандары мекенине кайтып, согушка катышса болорун билдирген. Коргоо министринин орун басары Анна Маляр 28-февралда Украинанын интернационал легионуна кошулуу үчүн миңдеген чет элдиктен арыз түшкөнүн маалымдаган.

17:13 1.3.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский коргонуунун интернационал легионуна кошулууну каалаган чет элдиктер үчүн убактылуу визасыз режим ачуу тууралуу жарлыкка кол койду. Жарлык 1-марттан тартып күчүнө кирди.

Легионго "агрессор өлкө" деп саналган мамлекеттен башкалардын жарандары келип кошулса болот. Аларга курал-жарак берилет жана украин армиясынын катарында Орусиянын аскерлерине каршы согушат.

Зеленский 27-февралда Украинанын аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн жаңы интернационал легиону түзүлгөнүн кабарлаган. Ал украин жоокерлери менен чогуу "баскынчыларга каршы күрөшчү чет элдик жоокерлер менен толукталары" айтылган.

Кийин Украинанын Улуттук коопсуздук кеңеши Франциянын чет элдик легионунда жүргөн украин жарандары мекенине кайтып, согушка катышса болорун билдирген. Коргоо министринин орун басары Анна Маляр 28-февралда Украинанын интернационал легионуна кошулуу үчүн миңдеген чет элдиктен арыз түшкөнүн маалымдаган.

17:16 1.3.2022

Орусия өзбекстандык мигранттарды куралдуу кагылыштарга тартышы мүмкүн

Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы Донбасстын аймагында жүргөн айдоочуга таянып жазды.

25-февралда социалдык тармактарда Донбасстын аймагынан өзбекстандык айдоочу тарткан видео тараган. Фергана облусунун тургуну анда Украинанын чыгышына Орусиянын жүк ташуучу автоунаасында баратканын айткан.

"Озодликтин" журналисттери видеону тараткан өзбекстандыкка байланышып, аты-жөнүн атабоо шарты менен интервью алган. Маек учурунда өзбекстандык эркек орусиялык аскерлер менен Луганскинин аймагында болгонун белгилеген.

Өзбекстандык киши Луганскиге чейин Орусиянын Коргоо министрлигинин жүк ташуучу автоунаасы менен барганын айтып берген. Ал үч айга айдоочу болууга келишим түзгөн. Муну менен орус жарандыгын, турак жай жана 50 миң рубль маяна алгысы келгенин танган эмес.

Ал бул ишти өзбек мигранттарынын арасында популярдуу UzMigrant сайтына илинген жарыя аркылуу тапкан.

Орусияда жашаган блогер журналисттерге аты-жөнүн жашыруу шарты менен UzMigrant порталына караштуу NotrhJobs компаниясы Өзбекстандын жарандарын келишим менен аскердик кызматка алып жатканын айткан.

UzMigrant сайты жана NotrhJobs компаниясы юрист Бахром Исмаиловго таандык. Түбү өзбекстандык Бахромов акыркы жылдары Орусияда жашап-иштейт. Исмаилов Ютубга ролик чыгарып, орус армиясына келишим менен кызмат өтөгөндөр бул өлкөнүн жарандыгын үч ай ичинде ала турганын айткан.

Мындан кийин мигранттар арасында NotrhJobs компаниясы өзбек жарандарын аскер техникасын тейлөө жана Украина чыгышына гумжардам жеткирүү үчүн ишке алып жатканы тууралуу сөз тараган. Бул кызматтар үчүн 500-600 АКШ доллары төлөнө турганы айтылган.

Исмаилов "Озодлик" менен маегинде бул сөздү четке какты.

"Тонг Жахони" уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Валентина Чупик орус бийлиги өз максаты үчүн UzMigrant өңдүү сайттарды колдонуп жатканына токтолду.

"Ошол жерде туткунга түшкөн балдарды карагыла. Жоокерлер арасында славяндар аз. Орусиянын өкмөтү эмгек мигранттарын бута кылып жатат. Аларды Орусиянын Коргоо министрлиги да, жеке аскердик компаниялар да жалдашы мүмкүн", - деп белгиледи ал.

17:28 1.3.2022

Украина Кыргызстан менен Грузиянын соңку кырдаалга байланыштуу позицияларына байланыштуу Бишкектеги жана Тбилисидеги элчилерин чакыртып алды. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский 1-марттагы видео кайрылуусунда билдирди.

Буга чейин Грузиянын бийлиги Орусияга каршы Батыш салган санкцияларды колдобой турганын билдирген.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Кыргыз президентинин сайты президенттер жөн гана соңку кырдаалды талкуулаганын кабарласа, орусиялык басылмалар Жапаров Путиндин Украинага каршы аракеттерин кубаттаганын жазышкан.

Мындан көп өтпөй Кыргызстан Орусия менен Украинаны "натыйжалуу диалог үчүн жаңы форматтарды издөөгө" чакырды. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 28-февралда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын тышкы иштер министрлеринин С5+1 форматында онлайн жолугушуусунда билдирди.

Жолугушууда Украинадагы кырдаал талкууланган. Министрликтин маалыматына караганда, Казакбаев Кыргызстан Украинадагы кырдаалдын өнүгүшүнө тынчсыздануу менен көз салып жатканын, кыргыз эли орус жана украиндер менен тарыхый достук мамиледе экенин айткан.

Тараптар Орусияга каршы санкциялардын башка өлкөлөрдүн экономикасына тийгизген терс таасирин да талкуулашкан.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы мамлекеттик катчы Энтони Блинкендин Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен жолугушуусу тууралуу маалымат таратты.

Анда Блинкен АКШнын Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын белгилеген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG