Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Түз ободо Одесса орусиялык дрондордун чабуулуна кабылды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

12:36 1.3.2022

"Украина менен согуш керек беле?" деген орусиялыктардын саны өстү

"Мен болуп жаткан көрүнүшкө дендароо абалдамын. Өкүнүчкө карай, катуу жаңылган экем. Бул менин жашоомдогу эң кайгылуу күн". Орусиялыктар Украинада болуп жаткан окуянын маңызын түшүнгөн сайын эси чыгууда. Арасында "ДЭР" жана "ЛЭРдин" көз карандысыздыгын майрамдагандар да бар.

12:40 1.3.2022

УНИАН Херсондун чыгышынан орусиялык аскерлер кирип жатканын кабарлады

12:42 1.3.2022

Орусия жоготууларын моюнга ала баштады. Бул ирет Рамзан Кадыров Чеченстандын аскер кызматкерлери арасында каза болгондор жана жарадарлар бар экенин айтып чыкты.

"Чечен Республикасынын тургундарынын арасында да тилекке каршы жоготуулар бар. Экөө өлдү, дагы алтоо ар кандай деңгээлде жараат алды" деп жазды ал Телеграм-каналына.

13:02 1.3.2022

Жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 8де Харьковдун борборуна сокку урулду. Ракета же башка жардыргыч снаряд шаардын Эркиндик аянтындагы шаардык администрациянын имаратынан жанында жарылды.

Сокку урулгандан кийинки шаардын абалы

Курмандыктар тууралуу азырынча маалымат жок

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG