Украинадагы кырдаал "Кытайга жана башка тараптарга жакпай турган чекитке жетти".
Бул тууралуу Кытай Элдик Республикасынын БУУдагы өкүлү Чжан Цзюнь Башкы ассамблеянын атайын сессиясында билдирди.
"Азыр бардык өлкөлөр үчүн приоритет - өзүн токтоо кармап, кырдаалдын начарлашына жол бербөө", - деди ал орус-украин өкүлдөрүнүн жарандарга коопсуздукту жана гуманитардык керектөөлөрдү камсыздоо аракетин кубаттап.
Ага чейин Кытай Орусияга "легитимдүү тынчсыздануу" менен колдоо көргөзүп, азыркы кризис үчүн жоопкерчиликти АКШга жүктөгөн. Ошол эле маалда расмий Бээжин Москванын аскердик аракеттерин колдогон эмес.
БУУнун качкындар иши боюнча мекемесинин маалыматында Орусиянын Украинага кол салышынан 102 жай тургун, анын жетөө бала каза тапкан. Жүздөгөнү жарадар болгон. Мекеме реалдуу сан мындан да көп болушу мүмкүн экенин эскертти.
Вашингтон Украинага орусиялык аскерлердин "экинчи толкуну" капташы мүмкүн экенин эскертти
"Украинадагы орус аскерлери тапшырманы өз мөөнөтүндө аткара албады, логистика жана куралдануу жагынан көптөгөн кыйроого учурады. Украиндер катуу каршылык көрсөттү", - деп жазды сенатор Крис Мерфи АКШ конгрессмендеринин жабык брифингинен кийин Твиттердеги баракчасына.
Муну менен катар ал "орусиялык аскерлер жакынкы жумаларда Киевди курчап алып, тышкы дүйнөдөн бөлгөнгө аракет кылат" деп бринфингден кийинки тыянактары менен бөлүштү.
"Киев үчүн кармаш катуу жана кандуу болот, украиндер көчө салгылашуусуна тез даярдык көрөт", - дейт Мерфи.
Согуш башталганда Киев бир нече күн ичинде камалоого кабылышы мүмкүн деген АКШнын чалгын кызматына таянган маалыматтар чыккан.
CNN бир катар булактарына таянып, АКШ администрациясы орусиялык техникалардын ири конвою Киевдин түндүк жагына жакындап калганын жазды. Maxar компаниясынын спутник байкоосунда колонна ондонгон чакырымга созулганын байкоого болот. CNNдин маалыматында администрация конвойдун өлчөмү эле эмес, жай тургундар арасындагы курмандыктар өсүшүнө да кабатыр болууда.
Украинанын аскердик күчтөрү жоготууга учурады
Сумы облустук шаардык администрациясынын башчысы Дмитрий Живицкий Ахтырка конушунда орусиялык артиллерия украиналык аскер бөлүгүн аткылап, кеминде 70 украин аскери каза тапканын кабарлады.
"Уранды астынан сөөктөрдү алып чыгышууда. Куткаруу кызматы, ыктыярчылар иштеп жатышат. Каза болгондор көп. Мүрзөдөн орун даярдалып жатат", - деди ал.
Акыркы сааттардагы маалыматтар
- Орусиялык аскерлер Херсонду курчоого алды.
- Орусиянын да, Украинанын да аскерлеринин арасында жоготуулардын саны өстү.
- Киевге жакын жерде ондогон чакырымга созулган орусиялык аскер техникаларынын колоннасы турат.
- Гаагадагы эл аралык сот Орусиянын баскынчылыгынан улам болгон аскердик жана адамзатка каршы кылмышты иликтейт.
- ОВД-инфо 24-февралда орусиялык аскерлер Украинага чабуул койгон маалда Орусиянын өзүндө согушка каршы митингге чыккан 6500 адам кармалганын маалымдады.
- Украинанын президенти өз өлкөсүн Евробиримдикке кабыл алуу арызына кол койду.
- Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү Москвага каршы жаңы санкцияларды киргизүүдө. Евробиримдик 26 "медиа адамына" жана Кремлге жакын бизнесмендерге санкция салды. Shell британ-нидерланд мунай компаниясы Орусия менен биргелешкен өндүрүштөн чыкты. General Motors, Volvo жана Volkswagen баштаган дүйнөлүк ири автомобил компаниялары Орусияга машине жеткирүүдөн баш тартты. Disney өз тасмаларын орусиялык кинотеатрлардан көрсөтүүгө тыюу салды. Netflix өз платформасы аркылуу орус каналдарын көрсөтпөйт.
- Эл аралык Олимпиада комитети спорт федерацияларына орусиялык жана беларус спортчуларын мелдешке өз өлкөсүнүн желеги менен киргизбөөнү сунуштады. Бардык орусиялык футбол клубдары жана курама командалар FIFAнын алдында өткөн эл аралык таймаштардан четтетилди.